"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Депутат жол киренин кымбатташына каршы экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кире акысын 11 сомдон 20 сомго чейин көтөрүүгө каршы чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда эл өкүлү Бишкек мэриясына Европадагы жол кирени мисал келтирүүдөн мурда Кыргызстан менен Батыш мамлекеттеринин орточо айлык акысын салыштырып көрүүнү сунуштады.

“Мэрия дагы жол кирени көтөрүүгө катуу киришип жатат. Алардын  Европа мамлекеттериндеги коомдук транспортко акыны мисал келтирүүдө. Европада орточо айлык 250 миң сом, бизде 20 миң -25 миң сом. Кантип алар менен салыштырып жатат? Ушу жол кирени көтөрбөө үчүн электр жана газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алып, маселе биротоло жабылсын деген элек. Канча мектеп окуучусу бар, элге кыйын болот”, — деди депутат.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы жол кире акысын 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланган. Менчик түрүнө карабастан транспорттун бардык түрлөрү үчүн бирдиктүү тарифти киргизүү сунушталууда.