"Эркин-Тоо"

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти.

Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми Президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында аталган округда кайра шайлоо өтүшү керек.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!