ДЕПУТАТТАР МАСЕЛЕНИ ТҮШҮНГҮСҮ КЕЛЕБИ?..
Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир принциби бар – аларга эч ким эч нерсе деп сөз айтпаш керек. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү тараптан маселени түшүндүрүү аракетинде сөз чыкса да туштуштан комментарий бербе, андай укугун жок деп жаалап чыгышат. Кечээ парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновду да ошентишти. Анда аларга кантип түшүндүрүү керек? Дегеле депутаттар маселени түшүнгүсү келеби? Парламентте диалог болбосо, “мен депутатмын” деп эле экинчи тарапта сүйлөгөн адамды баса калып турса кантип иш жүрөт? Эгер депутаттар 12 жылдык билим берүүнүн күңгөй-тескейин билгиси келсе министрдин пикирин угуп койгондон кемип калбайт эле го. Эмне, азыркы учурда деле иш жүзүндө 12 жылдык билим болуп жатканы калпбы? 12 жылдык билим берүү ошол реформанын бир багыты. Балдарыбыз 1-класска барганга чейин 0-классты окуп жатышпайбы. Билим берүүдө реформа жасоо жөнүндө сөз болсо тимеле депутаттардын көмөкөйүнөн буу чыгат, кана реформа дегенчелик кылып. Анда башка алгылыктуу жолун айтышпайбы. Антпестен депутаттарыбыз качан болбосун депутаттын сөзүнө комментарий бербе деп силкинип турушат. Ал аз келгенсип дароо эле бирөөнүн ээлеген кызматына ылайык келер-келбесин карагылары келип кетишкен жагы да бар. Кечээ депутат Улан Бакасов министр Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматына ылайык келеби деген маселени кароону сунуш кылып жиберди. Чындыгында мындай “демилге” парламент залынан биринчи айтылып жаткан жери жок. Дегеле азыр министрдин ишине баа берүү жана тиешелүү чечим кабыл алуу депутаттардын укугуна киреби?.. Биз жаңы Конституция таламында жашап жатканыбызды депутаттар унутуп жатышкан жокпу, деги?
№107 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 6-декабры
Бегим ТУРДАЛИЕВА