"Эркин-Тоо"

ДЕПУТАТТАР ТАКСИСТТЕРДИ КОЛДОДУ

Таксисттерге лицензия алуу талабын караган мыйзам долбоору парламент депутаттарынын колдоосун тапкан жок.

Мыйзам долбооруна ылайык лицензия алуу үчүн айдоочунун 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы, техникалык кароодон милдеттүү түрдө өтүү, патент, камсыздандыруу, Соцфондго салык чегерүү сыяктуу талаптар бар болчу. Лицензия бир жылга берилмек. Эгерде айдоочу лицензиясы жок болсо жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 3000 сом айып каралган. А эгер жол эрежесин бузса жеке адамдар 5500 сом, юридикалык жактар 17 000 сом айып тартмак. Эң негизгиси оң рулдуу таксилерге лицензия берилмек эмес. Мыйзам долбоорунун четке кагылышына мына ушул жагдай көбүрөөк таасир этти окшойт. Себеби, көп жарандарыбыз оң рулдуу унааларда жүрөт, эгерде аларга лицензия берилбесе ошону менен нанын таап, тирилигин кылып жаткандарды кур жалак калтырабыз деген пикирин айткандар болду. Алардын бири депутат Дастан Бекешев оң рулдуу унаа ээлери тарабынан нааразылык чыгышы мүмкүн деген пикирин да айтты.

Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариант катары лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады. Ал эми Нуржигит Кадырбеков сунушталган эрежелер кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болот деген пикирде. Добуш берүүдө 59 депутат каршы болуп, мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!