"Эркин-Тоо"
Жогорку Кеңеш Коом

Депуттар Бишкектеги коомдук транспорт маселесин карашты

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын сунушу менен күн тартибине киргизилген Бишкек шаарындагы коомдук транспорт маселеси талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган борбор калаанын башчысы Бактыбек Кудайбергенов каттамга чыкпай жаткан кичи автобустардын өкүлдөрү менен жолугушканын маалымдап: “Алар жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Биз алар менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок алар каттамга чыкпоону улантышууда. Анткени, мэрия коомдук транспорттордун акысын көтөрүүгө укугу жок. Жол киренин көлөмүн аныктоо маселесин шаардык кеңеш карайт”, – деди мэр.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинети жардам бербесе, мэрия өз алдынча чече албастыгын белгилеп, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун кароо керектигине токтолду.

Ошондой эле депутат Таабалды Тиллаев мэрди шаардык кеңештин чечимин күтө бербей, алгылыктуу аракет көрүүгө чакырды.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү каттамга чыккан фирмалардын ээлерине эскертүү берилгенин айтып: “Алар дагы чыкпаса айып пул салынат. Эгер ага да макул болушпаса, үч айга лицензиялары токтотулат. Анда да ишке чыгышпаса сот аркылуу лицензиялары алынат”, – деди. Мындан тышкары, көп көлөмдөгү жүргүнчү ташуучу автобустарды алып келүү үчүн салыктык жеңилдиктерди камсыздоо жана каттамга чыгуучу фирмаларга лицензия берүүдө талаптарды кайрадан карап чыгуу тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Депутат Марлен Маматалиев маселени ыкчам чечүү багытында кандай чаралар жасалып жатканын сурады.

Калаа башчысы: “Сентябрга чейин убакыт сурап жатабыз. Бирок алар тездетүүнү талап кылышууда. Башка унааларды да тартууну көздөгөнүбүз менен коопсуздук маселеси болууда”, – деди.

Муну менен катар депутат Жыргалбек Турусбековдун “Кичи автобустардын ишке чыкпай кое тургандыгы тууралуу алдын-ала билет белеңиз?” – деген суроосуна “Эки жума мурун кабардар болгонбуз”, – деп жооп берди.