"Эркин-Тоо"
Дүйнө Дүйнө дүбүртү Жаңылыктар

Деңиздин тереңинен XVI кылымга таандык соода кемесинин калдыктары табылды

Франциянын түштүк жээгиндеги Жер Ортолук деңизинин 2,5 км тереңдигинен XVI кылымга таандык соода кемесинин калдыктары табылды.

Изилдөөчүлөр «Кеме Түндүк Италиядан керамика жана металл буюмдарын ташып бара жаткан»  деп божомолдошууда. Буюмдардын көпчүлүгү жакшы сакталып калган.