"Эркин-Тоо"

Динара Кутманова: “Гүлдөгөн экологияны камсыз кылышыбыз керек”

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова:

— Динара Асиевна, “Жашыл мурас” Улуттук программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча айтып бересизби? Жаз келип эл көчөттөрдү отургузуу, жашылдандыруу менен алек боло баштады. Бул албетте, жакшы жөрөлгө. Бирок, ошол көчөттөрдү отургузуу менен эле экология тармагындагы көйгөйлөр чечилип калабы?

— “Жашыл мурас” Улуттук программасы Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун демилгеси аркылуу ишке ашырылууда. Программаны иштеп чыгууга Президенттин БУУнун Рамкалык конвенциясынын дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинин 26-конференциясына катышуусу түрткү болду. Аталган иш-чарада мамлекет башчыбыз 2030-жылга Кыргызстан парниктик газдардын бөлүнүп чыгышын 44 пайыз кыскартууга, 2050-жылга көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүгө аракет кылат деп билдирген. Ошондой эле Ажобуз тарабынан “2022-жыл тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланышын БУУнун Генералдык ассамблеясынын отурумунда 93 мамлекеттин колдоого алышы экология дүйнөлүк көңүл бурууга муктаж дегендикке жатат. Анда климаттын тез өзгөрүшү, аба-ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн эриши жалгыз эле Кыргызстандын эмес, дүйнөлүк көйгөй экендиги, ар бир адам климатка терс таасир эткен көрүнүштөр менен күрөшүүсү керек экендиги белгиленген. “Жашыл мурас” Улуттук программасын иштеп чыгуу, өткөрүү, интернет платформаларын ишке киргизүү жоопкерчилиги биздин министрлик менен Айыл чарба министрлигине тапшырылган. Азыркы учурда министрлик мамлекеттик мекемелерден тартып жалпы эле коомчулукка көчөттөрдү бөлүп берүү тууралуу кайрылууларды кабыл алып, иш жүзүнө ашырууда. Өлкө боюнча жылына 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалган. Максатыбыз – жашыл мейкиндикти көбөйтүү. Анткени  бул колубуздагы нерсе болгондуктан, анчалык көп каражат талап кылынбайт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери активдүү түрдө жүргүзүлүүдө. Буюрса, 2030-жылга чейин 70 миллион түп көчөт отургузууну пландап жатабыз. Жашыл аалам – мөңгүлөрдүн эришинин алдын алат.

— Мөңгү демекчи, учурда бул актуалдуу маселе боюнча калууда.

— Кыргыз мөңгүлөрү жалпы Борбордук Азия мамлекеттерине азык болуп турган байлык. Мөңгү – суу, мөңгү – таза аба, мөңгү – бак-дарак, мөңгү – жарык, мөңгү – жашоо. Акыркы учурда токойлордун көп кыйылышы, мөңгүлөрдүн эришине терс  таасирин тийгизет. Бир гектар токой жыл ичинде 50 тоннага жакын чаң жутуп, өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар шамал аркылуу мөңгүлөргө жетет. Ошондой эле үйлөрдөн, унаалардан чыккан түтүндөр, тоо-кен иштери да өзүнүн терс жактарын тийгизүүдө. Математикалык-картографиялык моделдөөнүн жыйынтыгы боюнча 1970-жылдан 2000-жылга чейин мөңгүлөрдүн көлөмү болжол менен 15 пайызга кыскарган. 2100-жылга чейин алардын эң бийик аймактарда жайгашканы гана калышы мүмкүн. Бул учурга дарыялардын агымы да бир топ азайышы күтүлөт. Бир жайда орто эсеп менен мөңгү катмары сегиз метрге чейин азайганы катталган. Жыйырма жылдан кийин 35 пайызга кыскарышы мүмкүн деген илимий божомолдор бар. Бул алардын бардыгы эрип кетип, дарыялар суусуз калат дегендикке жатпайт. Окумуштуулардын айтуусунда, мөңгүлөр жылына орто эсеп менен бир нече метрге чейин жылып, суу берүү өлчөмү да ар жыл сайын өзгөрүлүп турат. Ошондуктан, биз жалпыбыз экологиялык сабатсыздыкты жоюу менен аны коргоого алышыбыз керек.

— Айтыңызчы, кадимки эле Ысык-Көлдүн жыл сайын 5-10 метрге тартылышы эмне менен түшүндүрүлөт?

— Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан берилген маалыматка ылайык, Ысык-Көлгө 56 дарыя куят. 1929-жылдан 1998-жылга чейин көлүбүздүн деңгээли 3,6 метрге төмөндөп, 2011-жылга карата 1,1 метрге жогорулаган. Көлдүн деңгээлинин өзгөрүшү бардык дарыялардын агымынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Андагы суунун көтөрүлүшүн, мөңгү агындыларынын көбөйүшү менен түшүндүрүүгө болот.

Изилдөөлөр боюнча 2011-жылдан 2021-жылга чейин көлдүн деңгээли 0,95 метрге төмөндөгөнү байкалган. Бул климаттык жана антропогендик факторлордун таасиринен келип чыккан. Акыркы учурда сугат сууну пайдаланууга муктаждык арбын болгондуктан, элүү алты дарыянын ичинен отузу гана көлдү азыктандырат.

— Арстанбап жаңгак токоюн сактап калуу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Арстанбап жаңгак токоюнун  азыркы абалын бир тараптуу кароо туура эмес. Жергиликтүү калктын үлүшкө тийген жерлери дагы токойдун карамагында жайгашкандыктан ал жерлерде малын багышат, жер айдашат, чөп чабышат.

Мындай жагдайлар токойдун деградацияланышына гана эмес, анын аянтынын кыскарышына алып келди. Ошол себептен Кыргыз Республикасынын  “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табийгый мурастарды коргоо боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жети гектардан ашык аянтта “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу уюшулган. Корук өзөк, буфердик жана корголуучу зоналарды камтып, жаңгак-мөмө токойлорунан турат. 2019-жылы атайын илимий изилдөө жана мониторинг иштери жүргүзүлгөндөн кийин 40 түр  жаңгак дарагынын( кабыгы жука, суукка туруктуу, эрте быша турган ж.б.) генетикалык формалары аныкталган. Учурда, аталган токойду калыбына келтирүү, сактоо жана коргоо максатында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери менен кошо корукту тосуу аракетин кылып келебиз. Бул багытта жергиликтүү аймактык башкаруу мекемелеринин да берген жардамдары биз үчүн маанилүү.

— Борборубуздагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары кандай болууда?

— Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга көзөмөлдү КРнын  Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Ал эми жерге болгон уруксатты мэрия жана анын алдындагы ишканалар берет. Өз кезегинде биздин министрлик экологиялык  укуктук-ченемдик мыйзамдардын сакталышын талап кылабыз. Көпчүлүк учурда калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге, жашыл аймактарга ар кандай курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы өкүндүрөт. Кээ бирде мыйзамдар, андагы жоболор бири-бирине каршы иштеген жагдайларга да кездешебиз. Мисалы, биздин министрликке арыз түшсө, ошол обьектилердин экологиялык мыйзам бузууларын текшеребиз. Эгерде андай учурлар аныкталса, курулушка болгон уруксат кагаздарын, мамлекеттик  экспертизанын корутундуларынын берилишинин мыйзамдуулугун кароо боюнча прокуратура органдарына кайрылабыз. Учурдан пайдаланып, 2021-жылдын 6-августундагы 114-жобого ылайык, курулуш ишканалары экология органынын корутундусун курулуштун баштапкы этабында эмес, курулуп кеткенден кийин  алып жатышат. Биз бул жобого өзгөртүү, толуктоолорду сунуштайт элек. Эгерде куруучу курулуштун баштапкы этабында ( котлован казыла электе) кайрылганда, биз ошол жер аянтына байланыштуу оң же терс корутундуларды берет элек. Тилекке каршы, курулуш иштеринин бир канча пайызы бүтүп калганда кийлигишүү, биз үчүн кыйыныраак болуп калып жатат. Буга мисалдар ондоп саналат.

— Бишкек шаарындагы булганган абадан улам, көмүрдөн газга өтүүнүн калкка кандай пайда-зыяны бар?

— Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11 айында республикада жеке турак жайлардын курулушу мурунку жылга салыштырмалуу бир топ пайызга өскөн. Кыштын келиши менен үй ээлерин ойлондурган биринчи маселе – үй жылытуу. Бүгүнкү күндө биздин  турмуш-тиричиликте колдонулуп келген газ, көмүр, электр энергиясынан башка күн коллекторлорунун жардамын дагы колдонсок жакшы болот эле деген ойду айткым келет. Тилекке каршы, аны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Бирок, келечекте мындай ыкманы колдонуу – каражат үнөмдөөдө да, ыңгайлуулугу боюнча да эң жакшы жыйынтык берет деп ишенем. Ал эми көмүргө караганда газ колдонуунун айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны аз, ыңгайлуу. Анткени бир тонна көмүр керектөөдөн 0,1 тоннага жакын, 1м куб газдан 0,01 тонна зыяндуу заттар бөлүнүп чыгаары тастыкталган. Газ керектөөдө көмүр күлү (пепел) сыяктуу зыяндуу катуу заттар да айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт. Биздин негизги максатыбыз – өлкө үчүн да, жарандарыбыз үчүн да гүлдөгөн экологияны камсыз кылуу. Бул маселе, министрлик алдына койгон милдеттенмелеринин бири болуп саналат. “Тоолордун экосистемасын жана климаттын туруктуулугун коргоо жылына” карата жол картасында парник газдарын азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу, тоолордун экосистемасын коргоо, борборубуздагы абанын булганышын азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы саясатты иштеп чыгуу, климаттык каржылоону тартууга окшогон өзөктүү көйгөй жараткан жагдайлардын үстүндө иш жүргүзүп келебиз.

Табиятты коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, суу ресурстарын, энергиянын кайра жаралуучу булактарын камсыздоо, адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбаларды ишке киргизүү менен министрлик өзүнүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүп жатат.

№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Разия Жоошбаева

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!