"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Динара Кутманованын баласы Стамбулдан кармалды

 Жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык алдамчылыкты уюштурган деп шектелген Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчисинин уулу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталып, бөгөт коюлган, анын жүрүшүндө Коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Түркияда жашынып жүргөн коррупциялык топтун дагы бир уюштуруучусу кармалды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Д.Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 млн сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле ал «Жашыл Мурас» долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

К.Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган»,- деп айтылат малыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткени, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Россиянын Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталган.

К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө К.Кутманов тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргызстандын аймагына алынып келинип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.