"Эркин-Тоо"

Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 9-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-октябрда сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Кутманованын камак мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчү каралып, канааттандырылды.

Эске сала кетсек, Динара Кутманова 25-июлда бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалган.

Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган.

Пример HTML-страницы