Айрымдар ичтери күйбөй эле койсун. Мурдагы депутат, КыргызПатентти буга чейин жетектеп келген Динара Молдошева ушул күндөрү океандын ары жагынан демдүү кайтты. АКШдагы программага атайын барып катышып келген Динара айым ушул күндөрү мамкызматтан келчү ооматты күтүп отура бербей, айымдар жаатындагы изги иштерди колго алганы, бул жагынан да алдыңкы күндөрү далай кызыктар жагынан ачылыш жасары каңкуланууда. Англис тилинде сүйлөп койбой, грамматикасы жагынан да тылын бекемдеп алган каарманыбыз абройлуу программа аркылуу кыргыз айымдары үчүн алгылыктуу идея, аракеттерин иш жүзүнө ашырса, көпчүлүк кыз-келиндерге үлгү болот эле. Биз бул жагынан кымча бел каарманыбыз менен алдыда кеңири сөз кылууга аракет жасамакчыбыз.

