Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал динге карата айтылган чагымчыл билдирүүлөрдү таратууну, сурамжылоолорду жасоону токтотуу керектигин эскертти. Эскерте кетсек, Мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Анын айрым беренелери учурда талкууга алынууда.
«Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам» , — деди Аскат Алагөзов.