"Эркин-Тоо"

Арстан Алай диний кастыкты козутуу фактысы боюнча кармалды

Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” деген каймана ат менен белгилүү) кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген.

Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.Абдылдаев КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!