"Эркин-Тоо"

Диний терминдерди пайдаланууга тыюу салынды

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Анда  юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салган укуктук ченемдер белгиленген.

Ал эми диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Пример HTML-страницы