Жакында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Кыргызстандагы АКШ Элчилиги тарабынан көмөк көрсөтүлүп, «Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү» семинарынын экинчи иш-чарасын өткөрдү.
Долбоордун максаты – Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, конфессиялар аралык биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо.
Иш-чарада диний уюмдардын өкүлдөрүнө ар биринин өз конфессиясынын тарыхы, диний ырым-жырымдары жана объектилери жөнүндө маалымат алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү.
Катышуучуларга “Жетинчи күндүн адвентисттеринин түштүк конференциясы”, “Бахаи”, “Кыргызстандын Библия коому” уюмдары конокторго өзүлөрүнүнүн ишеними, диний ишмердүүлүктөрү, тарыхы тууралуу маалыматтарды видеопрезентация аркылуу маалымат беришти.
Иш-чара суроо- жооптор менен коштолду. Диний уюмдардын өкүлдөрү мындай иш-чаралар көбүрөөк уюштурулуп туруусун билдиришип, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-мартында “Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы”, “Бишкек жана Кыргызстан епархиясы”, “Кыргыз Республикасындагы Католикалык Апостолдук Администратурасы”, «Конкордия» Лютеран Чиркөөсү” диний уюмдары өзүлөрүнүн презентацияларын көрсөтүшкөн.