Дүйнөдөгү тездик менен өзгөрүүлөр болуп жаткан азыркы шарттарда ар бир мамлекет тышкы саясаттагы багытын аныктап алуусу керек болуп турат. Бүгүн мурунку бир полярдуу көз караш акырындык менен жоголуп, дүйнө көп полярдуу саясатка ыктап турган мезгил. Мындай учурда тышкы саясат иреттүү жүрсө, экономикалык өсүүнүн негизги түркүгү болору шексиз. Так аныкталган тышкы саясат алгач өлкөнүн кызыкчылыгын коргосо, салттуу баалуулуктарды унутпастан экономикалык өнүгүү борборлорунун пайда болушуна шарт түзөт. Кыргызстан тышкы саясатта кандай позицияны кармана турганы ачык болду. Биз дүйнө жүзү менен жакшы мамиледе болууну көздөгөн көп векторлуу саясатты колдойбуз. Муну Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын борбору
Ашхабад шаарындагы форумда “Россия-1” телеканалынын журналисти Павел Зарубиндин капилеттен берген суроосуна жооп берген учурда так ачыктады. Андан кийин “Кабар” маалымат агенттигине эл аралык маселеге кенен токтолуп, мындай деген пикирин билдирди. “Ашхабаддагы форумда мага россиялык журналисттер күтүүсүздөн эле ушундай суроо берип кайрылып калышты. Мен даяр эмес элем, бирок так жооп бергенге аракет кылдым… Россия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Россияны жектеп келишет. Албетте, Россия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок, мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем, Россия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Россиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Россия аркылуу. Россияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Россия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Россия менен иштешип жатасыңар го. Россия менен болгон соодасатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз деп ачык эле айтып жатам…”. Ооба, эгемендүү мамлекетке башка өлкөлөр тышкы саясатты кандай жүргүзүү керек экенин таңуулабашы керек. Садыр Жапаров Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал чыккан биринчи күндөн бери Кыргызстан тынчтыктын орношун каалай турган позицияда экенин айткан. Европа өлкөлөрүнүн “Россия менен кызматташпагыла” деген чакырыгы кош стандарттуулукка тете саясат. Анткени, орус-украин согушу башталгандан тартып Евросоюз Россияга каршы экономикалык, саясий санкциялардын пакетин биринин үстүнөн бирин даярдап, активдүү болгону менен иш жүзүндө такыр башка саясат жүрдү. Москва менен Европа өлкөлөрүнүн экономикалык алакасы токтоп калган жок. Айрым учурларда мурункуга салыштырмалуу товар жүгүртүү өсүп кеткен кездер болууда. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Россия Евросоюздун товар жүргүртүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн ичинде бешинчи орунда кала берген. Бул Европа Россиядан такыр эле кол үздү дегенди билдирбейт. 2023-жылы июль айында Евросоюз менен Россиянын товар жүгүртүүсү 6,03 млрд еврого жеткен. Россия Европага 3 млрд евролук товар сатса, Европадан орустарга 3,03 млрд евролук товар кирген. Мындай шартта Кыргызстанды Россия менен кызматташпагыла деп айтуунун өзү негизсиз. Арийне, Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнүктөшү. Бизди көп нерсе жакындатып турат. Бардык тармакта тыгыз карым-катышыбыз түзүлүп калган Россия менен болгон алакабыз бирөөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде үзүлүп калбайт. Бирок, бир өлкө менен гана мамиледе болобуз деген саясат менен чектелип калган жокпуз. Европа, АКШ менен мамилени жандандырууга аракеттер көрүлүп, иштер жүрүүдө. Тышкы саясат куру кыйкырык, кырдаалдан упай топтоо менен чечилчү иш эмес. Дыкаттык менен мамиле жасоону талап кылат. Суунун үстүнө тамган май суунун бетин жука катмар менен жаап калгандай, эл аралык мамиле, геосаясий оюндар ошондой ийкемдүүлүк менен жүрөт. Убагында “балп” этип айтып салган жетекчинин айынан жакынкы коңшулар менен мамилебиз жакшы болбой, чек аралар жабылып, эл запкы тарткан мезгилдерди да башыбыздан өткөргөнбүз. Садыр Жапаров бийликке келгенден бери тышкы саясат көп векторлуу нукка түшүп, приоритет катары тандалып алынып, ошол негизде алакалар жүргүзүлүп жатат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылык бирдей сакталып, тең ата кызматташтык уланууда. Мамлекет башчылар, дүйнөлүк уюмдардын лидерлери расмий сапар менен келип жатат, биздин Президент дагы көптөгөн өлкөлөргө барып, эки тараптуу келишимдерди түзүүдө. Кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюлду. Анын катарында КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. Маселен, КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү. Бул өтө чоң көрсөткүч. Эч кимге жашыруун эмес, биз географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Көптөгөн маселелерде бири-бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан, алар менен мамилени үзүп, кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес. Дегенибиз, алакакатышты токтоткула деген сындуу Батыш өлкөлөрүнүн талабы бизге таптакыр туура келбейт.
Былтыркы жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү үч миллиард долларга жеткен. Андан бери карымкатыштын динамикасы туруктуу темп менен жогорулап жатат. Өзгөчө жеңил өнөр жай, айыл чарба багыты боюнча көрсөткүчтөр жакшырды. Жакын арада 5 млрд долларга жеткирүү планы коюлган. Ал эми быйыл январь-апрель айларына карата көрсөткүч бир миллиард доллардан ашып, былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга өстү. Мындан сырткары, быйыл жарым жылда Кыргызстанга 462,2 млн доллар инвестиция тартылды. Каражаттын 23 пайызы Россиядан келген. Ошондой эле Кыргызстанга акча которуулардын дээрлик 93%ы Россиядан жасалган. Январдан июлга чейин өлкөгө 1 миллиард 671,6 миллион доллар которулса, анын 1 миллиард 552,4 миллион доллары Россиядан келген.
Биз Россия менен экономикалык, социалдык жана башка көптөгөн багыттар боюнча дагы тыгыз карым катыштабыз. Нефть, газдан сырткары, дан өсүмдүктөрүн, тамак-аш азыктарын, курулуш материалдарын сатып алабыз. Маселен, статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстан Россиядан сатып алган негизги жети товар бар. Сап башында күйүүчү май турат. Кыргызстан жарым жылга чейин 523 миллион долларга газ менен бензин сатып алган. Экинчиси, кара металл. Беш айда 129 миллион долларга сатып алынган. Үчүнчү орунда эгин, дан өсүмдүктөрү (негизинен буудай) турат. Бул товарга 26 миллион доллардан ашык акча сарпталган. Андан кийин автоунаалар төртүнчү орунда, алар 24 миллион долларга алынган. Бешинчи орунга какао менен шоколад кирген. Кыргызстандыктар беш айда бул товарга 19 миллиондон ашык доллар короткон. Алтынчы орунда жыгачтан жасалган буюмдар, алар 18,3 миллион долларга сатып алынган. Жетинчи орунда шекер турат. Кыргызстан бул товарды январь-май айлар аралыгында 17 миллион 900 миң долларга сатып алган.
Албетте, азыр геосаясий тирештер өкүм сүрүп, түрдүү кагылыштар орун алып, дүйнө бөлүнүп-жарылып турган учуру. Ар кимиси, өзгөчө экономикалык жактан алдуу-күчтүү өлкөлөр өз кызыкчылыгына карай тартып жатат. Эч кимге жашыруун эмес, мындай шартта Россия менен кызматташтыкты токтотуу өтүнүчүн, керек болсо мамилеге чекит койгула деген талабын койгондор сөзсүз болот. Бирок, биз мындай жагдайда мүдүрүлүп, мамлекетти бычактын мизине коюп, элди түйшүккө салбашыбыз шарт. Себеби, жогоруда белгиленгендей биздин карым-катышыбыз Россия менен тыгыз байланып калган. Кол үзүп кете албайбыз. Бирок, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү катары Россияга кирген санкциялык товарлар менен иштешкен жокпуз. Муну ар бири билиши керек. Биз бардык милдеттемелерди так аткаруудабыз. Эл аралык нормаларды сактап, туура багытта баратабыз.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:
— Азыр дүйнөлүк саясат абдан татаалдашып кетти. Карама-каршылыктар күчөп, геосаясат чыңалып, чоң-чоң тирештер өкүм сүрүп жатат. Америка, Европа, Кытай, Россия сындуу үлкөн мамлекеттер бирибирине талап коюп, санкцияларды киргизүүдө. Өтө опурталдуу мезгилди баштан кечирип жатабыз. Дүйнөлүк саясатта гана эмес, жалпы дүйнөдөгү процесс абдан татаалдашып кетти. Экономикалык оорчулуктар менен катар, экологиялык кыйынчылыктар өкүм сүрүүдө. Мындай татаал мезгилдерде мамлекеттик ишти алып барыш, эл аралык маселелерде жооп бериш өлкө жетекчилерине жана дипломаттарга абдан оор болот. Негизи, эл аралык мамиле түзгөндө кыргыздын улуттук саясаты эң негизги өзөгү болуш керек. Азыр так ошондой болуп, тышкы саясат туура жолдо, туура багытта баратат. Эки тараптуу, көп тараптуу мамилени карасак дагы абдан активдүү, ошол эле кезде тез ойлонулган, ыкчам чечим кабыл алынган ырааттуу, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүрүп жатат. Бул сөзсүз түрдө колдоого татыктуу. Биздин тышкы саясат бир нукка түшүп, түз жол менен баратат деп айтсак болот. Ал эми кош стандарт боюнча Президент өзүнүн далилдери менен туура жооп берди. Кээ бир чоң мамлекеттер өзүнүн күчүнө салып кысым көрсөтүп, санкция маселесинде басым жасаганы туура эмес. Ошол эле Россия менен мамилебизди алсак, эгемендүүлүккө ээ болгондон бери стратегиялык достук жана союздук мамиледебиз. Кайсы тармакты албайлы, коопсуздук жана экономикалык маселесинде болобу же маданият жана билим берүү маселесинде болобу, бири-бирибизди колдоп келе жатабыз. Бизге Россиянын жардамы чоң экени талашсыз. Азыркы жетекчилер ошол мамилени туура нукта өнүктүрүп, ынтымагыбызды чыңдоодо. Президент айткандай, биз эч несеге карабай, ЖККУнун, ЕАЭБдин, КМШнын, ШКУнун мүчөсү катары достукту бекемдеп, астыга жыла беришибиз керек. Бул уюмдардагы кызматташтык биздин улуттун кызыкчылыгына дал келет.
Укук коргоочу Турсунбек Акун:
— Биз Россия Федерациясы менен стратегиялык мамиледеги өнөктөшпүз. Укук коргоочу катары атайын чакыруу менен БРИКС уюмунун чоң жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Казань шаарына бардым. Президентибиз дагы келди. Дүйнөдөгү эң чоң окуя болуп, жыйынга 30га чукул өлкөнүн жетекчилери катышты. Биз Россия менен тыгыз кызматташып, газ, нефть, буудай ж.б. товарлар боюнча алакабыз бар. Батыш өлкөлөрү гана эмес, бүткүл дүйнө Россия менен байланышпагыла десе дагы, биз алакабызды үзбөшүбүз керек. Анткени, биздин тамырыбыз, тарыхыбыз бир. СССРдин учурунда бир түндүктүн астында жашаганбыз. Улуу Ата Мекендик согушту бирге жеңгенбиз. Азыр биздин бир миллионго чукул мекендешибиз Россияда эмгектенип, тиричилигин өткөрүп, үй-бүлөсүн багып, Кыргызстанга акчасын которуп жатышат. Демек, биз эч качан кызматташпай коё албайбыз. Ал эми Европадагы кээ бир өлкөлөрдүн талабы туура эмес. Президентибиз туура айтып жатат, Германия, Славения ж.б. өлкөлөр санкцияга карабастан Россия менен кызматташып, миллиарддаган суммадагы соодасын жүргүзүп жатат. Себеби, алар Россиясыз жашай алышпайт. Бул боюнча Венгрия президенти В.Орбан Европаны ачык сындап: “Мени Россиянын шпиону дейсиңер дагы, а өзүңөр санкцияга карабай жашыруун түрдө Россия менен байланышып, өз ара товарыңарды сатып, кылмыштуулукка барып жатасыңар. Мен Россия менен ачык байланышам, аларсыз биздин жашообуз жок” — деди. Андыктан, С.Жапаровдун айтканы туура. Россия менен кызматташтыкты өнүктүрүп, мамилебизди оңдой беришибиз керек. Бизге алар эч кандай жамандык кылган жок. Европа мамлекеттеринин бизге көрсөтмө бергенге акысы жок. Биз бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен оокат кылбайбыз. Биз эгемендүү мамлекетпиз.
Зулпукаар Сапанов