"Эркин-Тоо"

Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Азербайжан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бир тууган элиңизди маанилүү дата – Азербайжан менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Биздин өлкөлөрдү байланыштырган терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлары боордош Кыргызстан менен достук жана кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берүүнүн маанилүү курамы болуп саналат.

Мындан отуз жыл мурда ушул бекем пайдубалга түптөлгөн, өзгөчө акыркы жылдары өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен мамлекеттер аралык мамилелер терең канааттануу сезимин жаратууда.

Өз ара визиттер, үзгүлтүксүз байланыштар жана кол коюлган документтердин олуттуу пакети биздин кызматташтыгыбызды өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын айгинелейт.

Айрыкча өткөн жылы бир тууган өлкөлөргө жасаган биздин иш сапарларыбыз эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү роль ойноду.

Сиз менен Бакуда да, Бишкекте да болгон талкуулар, анын ичинде жетишилген макулдашуулар жана бир катар маанилүү документтерге кол коюлганы азербайжан-кыргыз өнөктөштүгүн бардык тармактарда өнүктүрүүгө да, аны жаңы мазмун менен байытууга да керектүү түрткү бергени абдан кубандырат.

Азыркы этапта биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын масштабын кеңейтүү үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттарды натыйжалуу пайдалануу менен биз өз ара мамилелерибиздин ого бетер бекемделишине, ошондой эле эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу форматта да өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да тереңдешине жетишебиз деп ишенем», — деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!