Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Канаданын Сenterra Ink. Gold компаниясына Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган жарандарыбыз Кыргызстандын экономикасына бир тыйын пайда алып келбегени эсибизде. Ошол эле учурда биздин жарандарыбыз ири суммада доллар менен айлык алып турушкан. Эл аралык финансылык рыноктун мыйзамдарын, талаптарын бекем карманган дүйнөнүн ири биржасында акциясы жүгүртүлгөн алтын өндүргөн компанияда ушундай абал жүз берип турган чакта, Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардагы Директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмнени кыйратты экен деген суроо жаралбай койбойт. Деги эле бүгүнкү шартта ушундай аты улук орган керекпи? Директорлор кеңеши бийликтин “камчысын чапкан” кимдир бирөөнүн сыйлуу орунуна айланып калган жокпу? Директорлор кеңешинин мүчөлөрү учурдун «свадебный генералы» эмеспи? Айтор, суроо көп. Бийликтин Директорлор кеңешинин ишине баа бере турган учуру келди го дейм.
Директорлор кеңешин түзүүнүн башаты корпоративдик башкарууга барып такалат. Акаевдин учурунда мамлекеттик ишканаларга корпоративдик башкарууну киргизүү боюнча атайын мамлекеттик мекеме иштеп, жаңылбасам Азия өнүктүрүү банкы 40 млн доллар бөлгөн болчу. Ал каражат максаттуу пайдаланылбай калды окшойт. Себеби, корпоративдик башкаруу деген түшүнүк эле болбосо, ишканаларда иш жүзүндө анын аты-жыты жок. Мына ушунун шарапаты менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ири суммадагы сый акы алышып, жанын багып келет. Алардын ишкананын өнүгүү процессиндеги салымы канчалык, эч ким билбейт.
Корпоративдик башкаруу — бул компаниялардын этикалык жана ачык-айкын иш-аракетин камсыздоого багытталган негизги принцип. Корпоративдик башкаруунун негизги принциптеринин бири — маалыматты өз убагында, так жана адилет ачуу. 2023-жылдын башында «Акчабар» каржы порталы жана «КР Көз карандысыз директорлор палатасы» коомдук бирикмеси тарабынан кыргызстандык ачык акционердик коомдорго талдоо жүргүзгөндө, талданган 71 ААКнын ичинен 5 ААК гана корпоративдик башкарууну жарым-жартылай же толук түшүнүшөт экен. Корпоративдик башкаруу кодекси, Корпоративдик жүрүм-турум жана этика кодекси жана маалыматты ачыкка чыгаруу саясаты дээрлик жок. Иликтөөнүн жүрүшүндө фондулук биржанын сайтында он компаниянын Корпоративдик башкаруу кодекси да табылганы менен мамлекеттик компаниялардын маалымат сайттарында корпоративдик башкаруу боюнча маалымат жок экен. Кыргызстандын экономикасына ири салым кошо алат деген «Кыргызалтын», «Учкун», «Манас» эл аралык аэропорту», Мамлекеттик ипотекалык компанияда жана башка мамлекеттик акционердик коомдордо абал ушундай. Анан кантип башкаруудагы ачыкайкындуулукту айта алабыз? Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушундай принципти бекем карманып келе жатабы? Же алар акционерлердин сабаттуулугун жоюуга салым кошуп жатыптырбы? Жок. Тескерисинче, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин сабатсыздыгынан пайдаланып, ири суммадагы айлык алып отурушат. Ойлоп көрүңүз, акционердин бир акциясы 10 сомго же 1 сомго бааланат. Бул жарыбаган акча да. Ири суммада дивиденд төлөгөн компанияларды көрө элекмин. Ошол эле учурда “түндүктөн түшкөн” Директорлор кеңешинин мүчөсү 60-70 миң сом айлык алышы мүмкүн.
Экономикалык жактан өнүгүүнү камсыз кылган компанияларда Директорлор кеңешинин ролу жана мааниси күн сайын өсүп жатат. Көптөгөн компаниялар өздөрүнүн корпоративдик өнүгүүсүнүн жаңы этабына өтүшүүдө. Башкарууну жана көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмаларын киргизип жатышат. Кыргызстанда бир кезде “Акционердик коомдор жөнүндө” жана башка мыйзамдар кабыл алынган ошол бойдон тымтырс. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө шайланат. Болду, бир айда же алты айда бир жолу ишканага көз көрсөтүп коюп, айлыгын алып, өз оокатын кылып жүрө берет.
Кыргызстанда Директорлор кеңешинин мүчөсү болуу үчүн бийликке жакын адам болуш керек окшойт. Карап көрсөңүз, ири мамлекеттик компаниялардын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү катары саясаттан “жыдыган”, ишинен айдалган адамдарды көрүүгө болот. Бир мисал, Архитектура, курулуш жана турак жайкоммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Нуртазин Жетыбаев өзү башкарган тармакты тартып кете албагандыктан кызматтан бошотулган болчу. 2023-жылдын 4-апрелинде «Кыргызалтын» ААКсында акционерлердин жылдык жалпы чогулушу Н.Жетыбаевди Директорлор кеңешинин мүчөсү кылып шайлап алышты. Издесеңиз мындай мисалдар көп.
Кыргызстандын экономикасы баягы пландуу экономикадан толук чыгып кете элек. Бир буту рыноктук экономикада турат. Андан калса, дүйнөлүк биржада акциясы бааланган компаниябыз деле жок. Демек, дүйнөлүк каржы катаклизмдеринин алдын алууда мобилдүү, ыкчам өзгөрүүгө жөндөмдүү экономикабыз бар десем болот. Мындай шартта Директорлор кеңеши башкаруу органы катары мамлекеттик ишканаларга кереги деле жок го. Андан көрө экономикалык кризиске каршы ийкемдүү иш алып бара алган чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маанилүү эмеспи. Же болбосо «Кыргызиндустрия» ААКсын алалы. Аталган ишкананын уюштуруучусу Министрлер Кабинети өз чечими менен коммерциялык мүнөздөгү компанияны ачты. Буларда Директорлор кеңеши деген жок окшойт. Айтор, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө корогон бир жылдык акча каражатына бирден бала бакча курууга болот дешет. Ойлоно турган маселе…