Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна , КР билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, депутаттар Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышкан.
Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.