"Эркин-Тоо"
Дүйнө Дүйнө дүбүртү Жаңылыктар

Дональд Трамп 12 өлкөнүн АКШга кирүүсүнө тыюу салды

АКШ президенти Дональд Трамп 2025-жылдын 4-июнунда коопсуздук коркунучтарына байланыштуу 12 өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүн толугу менен тыюу салган буйрукка кол койду. Бул тууралуу AP News маалыматтык агенттиги кабарлады.

Толук тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Ооганстан

  • Мьянма (Бирма)

  • Чад

  • Конго Республикасы

  • Экватордук Гвинея

  • Эритрея

  • Гаити

  • Иран

  • Ливия

  • Сомали

  • Судан

  • Йемен

Ал эми жарым-жартылай чектөөлөр жети өлкөнүн жарандарына тиешелүү:

  • Бурунди

  • Куба

  • Лаос

  • Сьерра-Леоне

  • Того

  • Түркмөнстан

  • Венесуэла

АКШнын президенти бул чектөөлөр өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо максатын көздөрүн айтты.