"Эркин-Тоо"

“Дордой” ассоциациясынын башчысы Аскар САЛЫМБЕКОВ: “Дордой — көптөгөн өлкөлөргө таанылган улуттук бренд, чыныгы гигантга айланды…

Кылым легендасы

Эгемен өлкөбүз менен тең чамалаш “Дордой” ассоциациясынын тарыхы 1991-жылы 5-декабрда башталган. Дал ошол күнү Бишкек шаарынын түндүк четиндеги каралбаган саздак аймакта “Дордой” базары негизделген. Ошондуктанбы, көз карандысыздыкка ээ болгон алгачкы жылы ишин баштаган дал ушул “Дордой” ата мекендик бизнестин өкүлү болуп саналат. Убакыттын өтүшү менен ал эл аралык маанидеги соода-логистикалык комплексине, заманбап термин менен айтканда хабга айланды. Бир кездери каралбаган саздак аймакты гүлдөгөн аянтчага айланткан анын негиздөөчүсү Аскар Салымбековду сөзгө тарттык. Маектешим баардыгын жипке тизгендей тизмектеп берди. Эмесе окурман, кимдин-ким экенин төмөндөгү маектен аңдап алсаңар болот…

— Аскар Мааткабылович, дүйнө күн санап эмес, саат сайын өсүп, өзгөрүүдө. Мындай процесстерден Кыргызстан да артта калган жок. Айтыңызчы, азыркыдай шартта өлкөбүздүн экономикасынын күрөө кан-тамыры деп кандай тармактарды, кайсы багыттарды айтат элеңиз?

Экономиканын күрөө кан тамыры эле соода десек болот. Ошол күрөө кан тамырларга соода кан жүргүзүп, кандарды ташыйт. А сооданы жасаш үчүн эң оболу өндүрүш керек. Союз учурунда бизде ири завод-фабрикалар бар болчу. Союздун кыйрашы менен мунун баары токтоп, элибиз болсо соода-сатыкка баш коюшту. Кадимкидей сооданын миң түрлүү сырларын үйрөнүштү. Башка мамлекеттерден товар ташышып, убакыттын өтүшү менен соода-сатыкка элибиз да бышып бүтүштү. Муну менен сооданы, алып-сатууну жолго койгондордун алдынын чөнтөгү толуп, кичи жана орто ишканаларды ача башташты. Азыр карагылачы, эртеден кечке өздөрүнүн чакан бизнестерин баш көтөрбөй тытынып иштеткен эле адамдар. Өлкөбүзгө чоң-чоң инвестициялар келе баштады. Кумтөр өзүбүзгө өттү. Соңку убакта өлкөбүздө кайра иштетүүчү ишканалардын ачыла баштаганы көңүл сүйүнтөт.      

— Эми артка кылчайып айтылуу Дордойдун жаралуу тарыхын, берилеткенде экономикабыз үчүн канчалык деңгээлде күрөө тамыр болгонунан кеп баштасак кантет?

Дордой – эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири экономикалык долбоор. Түзүлгөн жумуш орундары боюнча да Дордой чыныгы гигант, 2008-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Банктын изилдөөсүнө ылайык түздөн-түз базарда иштеген адамдардын саны 50 000, ал эми базар менен байланышкан башка тармактарда иштеген адамдардын саны 100 000 -150 000 деп айтылган. Мындан тышкары, базар аркылуу киреше тапкан адамдардын камкордугунда 600 миңге жакын жаран турат деп белгиленген. Дордой он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган ири эмгек базары катары ишин улантып келет. Алардын катарында тигүүчүлөр, сатуучулар, жеке ишкерлер, Дордой базарына кызмат көрсөткөн каржы, логистика, транспорт жана башка тармактардын кызматкерлери бар. Бүгүн Дордой — көптөгөн өлкөлөрдө таанылган улуттук бренд. Ал эл аралык деңгээлде жазылып, көрсөтүлүп, айтылып жана анализделип келген Кыргызстандын аз сандагы бренддеринин жана чет өлкөлүк туристтер көрүүгө ашыккан кызыктуу жерлеринин бири болуп саналат. Дүйнөгө белгилүү Forbes журналынын версиясы боюнча Дордой дүйнөдөгү эң ири он базардын катарына кирген. Ал эми экономикабыз үчүн Дордойдун орду өзгөчө маанилүү экени айтпаса да түшүнүктүү. Мен мисалы, Дордой – түтүнсүз ири фабрика дээр элем. Эгемен Кыргызстандын тарыхында эки ири долбоор болгон: Бул Дордой жана Кумтөр. Буга дейре Кумтөр бизге өткөнгө чейин айлана-чөйрөнү бузуп, 400 тоннага жакын алтын казып, аны сыртка чыгарып, Кыргызстан бул долбоордон 20 жылдын ичинде 1,5 миллиард доллар иштеп тапкан. Ал эми Дордой ээн талааны түтүнсүз ири фабрикага айландырды. Ал жерде он миңдеген адамдар өз бизнесин ачып, жумушун таап, үй-бүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүк алышты.

— Мындай көрсөткүчтөрдөн улам Дордойду өлкөбүздүн экономикасынын катализатору десек жарашчудай экен. Же мындай салыштыруу өтө аша чапкандык болуп кетеби?

— Дордой жалпы экономиканын өсүшүнүн катализатору экенин тартынбастан айта алам. Эл аралык жана ата мекендик эксперттердин айтымында Дордой Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына олуттуу жана көп кырдуу таасирин тийгизди. Ата мекендик экономиканын 18ге жакын ар кандай багыттарын жана тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берди (автомобиль, аба жана темир жол байланышы, жеңил өнөр-жай, каржы, логистика жана башка тейлөө тармактары ж.б.). Дордой базары өзгөчө тигүү тармагынын өнүгүүсүнө өтө чоң таасир тийгизген. USAIDдин изилдөөлөрүнө ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын тигүү өнөр-жайынын продукциясынын экспорту болжол менен 150 млн долларды түзүп, бул тармакта 40 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Ички инвестиция булагын жандандырууда да Дордойдун ролу өзгөчө. Аталган базарда жакшы натыйжаларга жетишкен көптөгөн ишкерлер жаңы ишканаларды, завод-фабрикаларды ачып, башка тармактарга көптөгөн инвестицияларды салышкан.

Булактын көзүн ачкан сымал, эгемендик жылдардан ушул күндөргө чейин бир катар ишкерлердин, эл аралык деңгээлге чейин көтөрүлгөн жаңы муундагы миллионердин өсүп чыгышына себепчи болгон устаттык улуу жүрүшүңүз жана жалпы эле жаратмандык шык-жөндөмүңүз тууралуу эмне айта аласыз?

— Бир беткей эле төш каккылап, мактангым келбейт. Албетте, Дордой жарандардын ишкердик жөндөмүн калыптандырган акжолтой мектеп болду. Бул жагы талашсыз факты. Жеке ишкердик, жеке менчик, жеке демилге, эркин экономикалык мамилелер жана либералдык баалар эмне экендигин мурдатан билбеген кыргыз коому үчүн 1990-жылдар шок жана чыныгы кыйроо мезгили болгон. Өлкө жана карапайым калк үчүн оор болгон ошол мезгилде тез арада коомду жетектеп, аларды ишкердикке үйрөтө турган масштабдуу долбоор зарыл болуп турган. Дордой базары дал ушул масштабдуу милдетти аткарды. Ал ишкердик классты калыптандырган жана базар системасынын орношун тездеткен мектеп болгон. Оор сыноолордон ийгиликтүү өткөн, Кыргызстан эле эмес, Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн ири базарларында да ишмердигин жүргүзгөн кыргыз ишкерлеринин бүтүндөй мууну калыптанган. Дордой базарынын пайда болушу кандайдыр бир деңгээлде 1990-жылдардагы жалпы жумушсуздуктан улам келип чыккан социалдык чыңалууну азайткан, мүмкүнчүлүк жараткан факторлордун бири болгон. Миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинде жашап жаткан мезгилде Дордойдун ишкерлери өз жашоосун татыктуу кам көрө алган орто класстын негизин түзүп турган. Ошондой эле биздин Дордой тышкы миграциянын чоң агымын токтоткон. Түздөн-түз Дордой базарында иштеген 50 миңге жакын адам жана базардын ишмердүүлүгү менен байланышкан башка тармактарда иштеген 200 миңден ашуун адам, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү чет мамлекеттерге эмгек мигранты катары кетүүгө мажбур болушкан жок. Бул эбегейсиз көп адамдар өз мекенинде туруктуу киреше булагын тапты. Ошол жылдары жумушсуздуктун айынан канчалаган мекендештерибиз жакшы жашоо издеп, Кыргызстандан массалык түрдө кетишкен.

— Мен билген дагы бир факты, кыргыз спорту менен спортсмендерине сиз жана сиз башында турган Дордой ассоциациясы ушул мезгилге чейин мамлекеттен кем калбаган көлөмдө материалдык жардам көрсөтсөңүздөр керек. Бул жагынан балким эсептик көрсөткүчтөр эсиңизде бардыр…

— Ал жагы талашсыз факты! Дордой – ата мекендик компаниялардын арасындагы эң ири меценат. Эгемендик алган жалпы 30 жылдан ашуун убакытты жалпылабай, соңку 10 жылда спортту, маданиятты, билим-илимди, жаштарды жана калктын социалдык аялуу катмарын колдоого жана өнүктүрүүгө бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Спортту өнүктүрүүгө жыл сайын 70 миллион сом бөлүнсө, масштабдуу маданий иш чараларга 30 миллион сом жумшалат. Ошондой эле DORDOI NOMAD амфитеатры 2017-жылдын 22-октябрында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында ачылган. Анын Борбордук Азиядагы теңдеши жок өзгөчө жай экени талашсыз. Амфитеатр жогорку деңгээлдеги маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү максатында курулган. Анын сыйымдуулугу болжол менен 1000 көрүүчүнү батырып, көчмөн стилде жасалып, жайгашкан жери көрүүчүгө сахнанын ары жагынан Ысык-Көлдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул демилгебизге идеялык жактан дем берген ыраматылык, бейиши болгур Ташкул Керексизов түзгөн долбоор колдонулган бул амфитеатр 3 айдын ичинде курулган. 2018-жылы сентябрда Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнунун алкагында “Дордой Номад” Амфитеатрында “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын ачылышы болду. Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн атайын курулган “Дордой Номад” Амфитеатрынын ачылышы маданий-спорттук иш чаранын ажайып бир бөлүгү болуп калды. Ошондой эле калктын социалдык аялуу катмарын колдоого жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн кайрымдуулук жардам катары 105 миллион сом бөлүнгөн. Эгемендиктин 32 жылында Дордой ата мекендик спорттун биринчи орундагы демөөрчүсүнө, ата мекендик спортту профессионалдык деңгээлде колдогон талашсыз лидерге айланды. Дордой колдогон спорттун түрлөрү эл аралык мелдештерде Кыргызстанды ийгиликтүү таанытып келет. Алар футбол, эркин жана грек-рим күрөшү, волейбол, хоккей, көркөм гимнастика, бокс, каратэ-до жана башка спорттун түрлөрү боюнча кесипкөй клубдар жана командалар. Учурда кыргыздын сыймыгына айланышып, дүйнөнү багындырып жатышкан балбандарыбыз Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбековго да колубуздан келишинче жардам-көмөгүбүздү берип келебиз. Спортту өнүктүрүү үчүн тиешелүү материалдык-техникалык база зарыл. Спорт объекттерин курууга 130 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Дордой – бул кыргыз футболунун негизи жана символу. Бүгүнкү күндө Дордой футболдук клубу кыргыз футболунун сап башында турууда. Улуттук курама команданын негизин Дордой футболдук клубу түзүүдө. Дордой спорт комплекси учурда жогорку профессионалдык деңгээлге ээ үч футбол клубун каржылап келет. Спорт клубдун базасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн футбол академиясы ачылып, ал жерде 18 топ түзүлүп, анда 5 жаштан 18 жашка чейинки 560 жаш спортчу машыгууда. Дордой – улуттук көкбөрү оюнун жандандырган башкы демөөрчүлөрдүн бири. Дордой ассоциациясы улуттук Көкбөрү оюнун жандандыруунун башында турду. 1990-жылдардын ортосунда Көкбөрү оюнун жандандыруу жана жайылтуу үчүн Дордой ассоциациясы тарабынан 50 миллион сом бөлүнгөн. Аталган колдоонун аркасында Көкбөрү конкреттүү заманбап эрежелерге ээ, өзүнүн профессионалдык клубдары, федерациясы бар эл аралык оюнга айланды.

— Билим берүү жаатындагы көмөгүңүздү айтыңызчы Аскар мырза. Илим-билим баштагыдай бааланбаган азыркыдай шартта бул жагынан миллиондогон жашылбайларыңызды демөөрчүлүк багытка сарптаганыңызга өкүнбөйсүзбү? 

— Эч кандай өкүнүч жок. Биздин Дордой илим жана билимдин негизги спонсорлорунун бири. Билим берүү тармагына 25 миллион сом бөлүнгөн, жүздөгөн китептер, илимий изилдөөлөр жана монографиялар басылып чыккан, археологиялык экспедицияларды өткөрүүгө жана ар кандай билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого колдоо көрсөтүлгөн. Салттуу негизде мектеп окуучуларына жана студенттерге стипендияларды берип, таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп келет. Республиканын бардык аймактарын камтыган 30 миңден ашуун жаштар заманбап билим жана инсандык өнүгүү багытында тренингдерди алышты. Өлкөбүздүн бардык аймактарында гранттык негизде 10 билим берүү борбору ачылды. Жаш таланттарды жана жаш илимпоздорду колдоо үчүн 10 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. “Акыл-Тирек” долбоорунун алкагында илимди колдоо үчүн сунушталган 250дөн ашык окумуштуунун демилгеси 10 миллион сом өлчөмүндө колдоого алынды.

— Сиздин наамыңыздагы окуу жайчы? Ишмердүүлүгү сизди алымсынтабы?

— “Салымбеков Университети” окуу жайы 2012-жылы негизделген, “Аскар Салымбеков Фонду” коомдук фондунун баштапкы билим берүү долбоорунун түздөн-түз уландысы болуп саналат. Ал адам ресурсунун өнүгүүсүнө, билим берүүгө, илим-билимдүү жаштардын жаңы муунун түзүүгө дем берген маанилүү багыттарды аныктады. Фонд тарабынан окуучулар менен студенттер окутулду, китептер басып чыгарылды, ар түрдүү компаниялар, уюмдар жана окуу жайлары үчүн семинарлар, тегерек столдор, форумдар өткөрүлдү, ошондой эле эл аралык лекторлордун катышуусунда ар кандай иш-чаралар, ж.б. ири долбоорлор ишке ашырылды. Бул долбоорлор 25 миңден ашуун кишини окутууга жана агартууга мүмкүнчүлүк түздү. Билим берүүнүн программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруу ийгиликтүү өткөрүлүшүнүн шарапаты менен ошондой эле жогорку кесипкөй жана суроо-талапка ээ кадрларды даярдоого жана заманбап усулдарды жүзөгө ашырууда курч зарылчылык жаралгандыктан жаңы окуу жайын негиздөө чечими кабыл алынды. “Салымбеков Университети” окуу жайынын алдыңкы беш багытынын негизги максаты төмөнкү тармактар: медициналык билим берүү, IT тармагы, профессионалдык техникалык билим берүү, экономика жана укук, ошондой эле айыл чарбасы. Экономика илимдеринин доктору (PhD) Жумадилов Эсенгелди Жумадилович жетектеген бул Университет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген окуу жана медициналык базага, англис жана орус тилиндеги заманбап окуу программаларына ээ. Университет аз сандагы студенттерге сапаттуу медициналык билим берүүнү максат кылат.

 — Диний багытта да демөөрчүлүктөн куру эмессиз го?

— Калкыбыздын руханий өнүгүүсүнө жол ачып, мусулман үммөтүн жана калктын диний билимин колдоо максатында Дордой тарабынан 30 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, 9 мечит жана 3 медресе курулган. Ошондой эле өлкө боюнча 30дан ашуун мечиттин курулушуна активдүү катышкан. Тагыраагы, жергиликтүү калктын өздүк салымдары Дордой тарабынан каржыланып, чет элдик донорлор жана демөөрчүлөрдүн каражаттары бириктирилип, аталган мечиттер курулган. Мындан тышкары, Асанбай кичи районундагы курулуп жаткан чиркөөнүн коңгуроолорун алууга жана Орус православ чиркөөсүнүн Бишкектеги жана Кыргызстандагы епархиясынын тосмолорун оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүлгөн.

— Социалдык багыттагы кайрымдуулук иштериңизди көпчүлүк байкайт. Дегеле кыргызга берип жетише алат бекенсиз?

— Дордой – социалдык багыттагы элдик ишкана. Таажы ылаңы (коронавирус) учурунда ата мекендик компаниялардын арасынан алгачкылардан болуп Дордой колдоо көрсөтүп, аты жаман дартка каршы күрөшүү боюнча республикалык штабга 1 миллион сом берген. Өлкөбүздүн бардык аймактарына 7,5 миллион сомдон ашык суммага азык-түлүк продуктылары, коргоочу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар жөнөтүлгөн. Вирус менен натыйжалуу күрөшүү максатында Бишкекте бул дарт менен ооругандар үчүн 2 убактылуу стационар Дордойдун колдоосу менен ачылган. Биринчиси, “Ынтымак” конушундагы убактылуу стационар, ал Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы медресенин имаратында жайгаштырылып, 150 орунга ылайыкташтырылган. Экинчи 50 орундук убактылуу стационар Дордой жаңы конушундагы №94 мектептин базасында ачылган. 2021-жылдын апрель айында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал чыгып, ондогон үйлөр жана социалдык объектилер талкаланганда Дордой ассоциациясы жабыркаган жана муктаж адамдарга дароо колун сунуп, 20 тоннадан ашык азык-түлүк жана башка керектүү буюмдарды күн сайын жөнөтө баштаган. Мындан тышкары Баткен районунун Максат айылында бала бакча курулуп, учурда эксплуатацияга берилди. Бүгүнкү күндө 100 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Курулуш иштерине 35 миллион сом каралган. Ошондой эле кыргыз-тажик жаңжалында Баткен облусунда Мекенди коргоп жатып чек-арада баатырларча шейит кеткен прапорщик Мамытов Нургазынын үй-бүлөсүнө Ош шаарынын борборунан элиталык батирди белекке бердик.

— Кино искусствосу жаатынын жеңилин жерден алып, жөлөп-таяп, жөлөк болгон колдоого алчу кадамдарыңыз боюнча да айта кетсеңиз…

— Дордой мекенибиздин кинотеатрларын жандантып, ата мекендик кинонун өнүгүшүнө түрткү берди. Бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири болуп борборубуздун кинотеатрларын жандантуу болгон. Учурда бул заманбап кинотеатрлар “Синематика” кинотеатрлар тутумунда ийгиликтүү иш алып барууда. 2005-жылдан ушул күнгө чейин “Октябрь”, “Ала-Тоо”, “Вефа”, “Космопарк”, “Бишкек Парк” жана “Дордой Плаза” сыяктуу 6 кинотеатр ачылган.

— Сөз соңундагы соңку суроом. Аскар мырза, айтыңызчы, “келечекте Салымбеков сыяктуу бизнесмен болом” деп сизге карай оңдолуп-түзөлүп, өзүңүздү өздөрүнө өрнөк туткан жаңы муундагы жүздөгөн, миңдеген жаштарга, келечектин миллионерлерине кандай кеңеш берет элеңиз?

— Мен андай катмардагылардын кимиси болбосун баарына жаштайынан билим алуусун, тээ бала бакча, мектептен тарта илимге сугарылуусун айтып келем. Адеп билимге кызыгышса, мектептеги предметтик сабактардын кайсынысы болбосун кызыгып, билимге сүңгүшсө, бирдемени билүүгө өздөрү ынтызар болушса, дүйнө таанымдарын кеңейтишсе, окуучулук кезден тарта алдыларына чоң максат коюшса дээр элем. Ошондой изги тилек, бийик максаттарга алган терең билимиң аркылуу гана жетесиң. Жеке өзүм да тээ бармактайыман билимге абдан ынтызар болуп, кызыкчумун. Китепти жантыгымдан жата калып окуп, коомдук иштерге активдүү катыштым. Спортту бала күнүмдөн сүйдүм. Мына ушундай нерселерге аралашсаң өзүңчө эле ар тараптуу, көп кырдуу инсанга айланасың. Терең билимдин аркасында турмуш жолуңдагы көптөгөн улуу устаттарга жолугасың! Дагы айтам, келечекте ийгилик жаратам деген жаштарга билим алгыла, анан ата-энеңерди урматтап, алардын батасын алып, тарбия-таалимин өзүңөргө сиңирип, жуктургула, улуу кыргыз элибиздин адеп-ахлак, салт-санаасын айкалыштыра жүргүлө, дүйнөлүк замандын агымынан калбай, тең арыштап жүргүлө деген кеңешимди айтаар элем.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№89 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 10-ноябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!