30-ноябрда “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразычылык акцияга чыгышты.
Соодпгерлер базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн айтышып, патент системасын калтырууну талап кылышууда.
Белгилей кетсек, кечээ 29-ноябрда эле Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.
Мамлекеттик салык кызматы «Дордой» жана «Кара-Суу» базары ККМ аппараттарын колдонуудан бошотуларын, өзгөчө салык режими киргизилерин айткан.