— Досаалы мырза, азыр декабрь айында боло турган кезектеги Курултайга делегаттарды тандоо жүрүп жатат. Дал ушул убакта дайыма Курултай тууралуу көп сөз болот. Бул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай? Курултай өз максатына жетип жатабы?
— Элдик Курултай конституциялык мамлекеттик орган катары бекитилгенден тарта мен делегаттарды тандоо иштерине катышып келем. Андыктан маселени ичтен билем. Жалпылап алганда Курултай өз максатына жетип, айтылган сунуштардын бир тобу аткарылууда. Айрыкча, Президент түз тапшырган иштер өз убагында аткарылып жатат. Бирок, мүчүлүштүктөр жок эмес. Курултай бул – байыртадан бери кыргыз элинин салттуу башкаруу институту болуп келген. Эми Кыргызстандын миң жылдык башкаруу салттарын заманбап мамлекеттик башкаруу системасына интеграциялоо аракети жүрүп жатат деп билсек болот. Бул аракетти тынбай жүргүзө берсек, ал өз милдетин толук аткара аларынан шек жок. 2025-жылдын декабрь айында боло турган Курултай, институтту формалдуулуктан чыныгы иштей турган механизмге айлантуунун чечүүчү этабы болуп саналат. Ошондуктан, кезектеги Курултайда анын мыйзамдуулугун дагы да бекемдеп алуу зарыл. Азыр маселе Курултайдын бар же жок эместигинде эмес, аны кантип натыйжалуу, легитимдүү жана коррупциялык тобокелдиктерсиз институт катары иштетүүдө болуп турат. Математика илиминде бир теореманы далилдеш же маселени чыгарыш үчүн “зарыл жана жетишерлик шарттары” болушу зарыл деген формула иштейт. Курултайды да ишке ашырып, анын келечегин бекемдеш үчүн зарыл жана жетишерлик шарттары кынтыксыз иштеши керек. “Зарыл шарттары” болуп – бул Курултайдын укуктук базасы эсептелет. Ал албетте аныкталды. Эми, жетишерлик шарттарын белгилеп алуу кажет. Алар Курултайдын чечимдерин ишке ашыруудагы процедуралык жана аткаруу шарттары. Мүчүлүштүктөр дал ушул жерден кетип жатат. Курултайды иштөөчү механизмге айлантуу үчүн, алгач ага тоскоол болгон негизги ички жана тышкы чакырыктарды аныктоо зарыл. Алардын негизгиси укуктук чакырык. Курултайдын чыгарган резолюциялары жана сунуштары юридикалык жактан мыйзамдык күчүнө ээ эместиги маселе жаратууда. Алар сунуш гана болуп эсептелип келет. Өкмөт же Парламент ал сунуштарды карап чыгууга милдеттүү, бирок аткарууга милдеттүү эмес. Курултайдын ишин уюштуруу, делегаттарды каттоо, Курултайды чакыруу жана анын күн тартибин бекитүү аткаруу бийлигинин көзөмөлүндө, эгер Курултай Аткаруу бийлигине жакпаган курч маселелерди көтөрсө, Аткаруу бийлиги процедуралык же уюштуруучулук тоскоолдуктарды жаратып, Курултайдын ишин чектей алат. Дагы бир кызык, Курултайдын чечимдери аткарылбай калса, эч ким жоопкерчилик тартпайт. Курултай элдин чоң үмүтү менен өтөт, бирок анын сунуштары кагаз жүзүндө кала берсе, эл мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жоготот. Бирден-бир тоскоолдук бул – Аткаруу бийлиги Курултайдын сунуштарын эске албай же аткарылышын созуп коюшу болууда. Байкап көрсөк, Курултайда баары маселесин Президентке айтып, тапшырманы Президентке берүүдө. А бирок, ишти Аткаруу бийлиги аткаруусу керек да. Мисалы, делегаттарды тандоо механизминде да мүчүлүштүктөр бар. Делегаттарда чыныгы коомдун катмарынын эмес, айрым топтордун же саясий кландардын кызыкчылыгын чагылдыруу тобокелдиги пайда болду. Мындай абал түзүлбөшү үчүн делегаттар билимдүү, акылдуу жана жигердүү болушу керек. Аларды тандоо эркин болушу зарыл.
— Мүчүлүштүктөрдү жоюуга мүмкүнбү? Сиз кандай сунуштарды бере аласыз?
— Курултай элдик бийликтин институту болушу үчүн адегенде эле укуктук жана отчеттуулук механизмин чыңдашыбыз керек. Сунуштардын аткарылышына мониторинг кылуу зарылчылыгы келип чыкты. Курултай кабыл алган резолюцияларды жана сунуштарды аткаруучу органдар карап чыгууга милдеттүү болушу керек да, жооп берүүгө милдеттендирүү зарыл. Отчёт берүү процессин түзүү зарыл. Кийинки өткөрүлө турган Курултайга чейин, Өкмөт жана Жогорку Кеңеш Курултайдын кайсы сунуштары аткарылды, кайсынысы эмне үчүн аткарылган жок деген суроо боюнча расмий, ачык отчет бериши керек. Бул Курултайдын легитимдүүлүгүн жана маанисин жогорулатат.
Экинчиси, бул – делегаттарды тандоону санариптештирүү жана ачыктыкты сактоо. Делегаттарды тандоо процессинин бардык этаптары онлайн форматта өтүп, коомдук байкоочулар үчүн ачык болушу керек. Бул ар түрдүү коррупциялык тобокелдиктерди жана саясий манипуляцияны азайтат. Кийинкиси – тең салмактуулук. Ал – делегаттардын курамында жаш курак, гендердик жана регионалдык тең салмактуулукту сактоо. Мындан тышкары, алардын арасында жарандык коомдун, илимдин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү болушун камсыздоо.
Ички кызматташтыкты жана интеграцияны жогорулатуу да маанилүү. Мында, Курултай жана Жогорку Кеңештин диалогу каралат. Курултайдын туруктуу иштей турган органы (мисалы, Кеңеши же Курултайдын Катчылыгы) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен үзгүлтүксүз байланышта болушу керек. Курултайдын маанилүү сунуштарын мыйзам долбоору катары биринчи кезекте кароого милдеттендирүү зарыл.
2025-жылдын декабрь айындагы Курултай – Кыргыз Республикасынын элдик бийлик салттарын калыбына келтирүүдөгү жана Уңгу жолубузду жүзөгө ашыруунун чоң мүмкүнчүлүгү. Эгерде бул маселелер чечилсе, Курултай – Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн туруктуу жана натыйжалуу институту болуп кала алат.
Жазгүл Кенжетаева

