"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

Дыйкандарга 3419,3 млн сом насыя берилди

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Айыл чарбасын каржылоо-9 долбоору боюнча 2021-жылдын акыркы айларында берилген берилген насыялар боюнча маалымат таратты. Алсак, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 585,5 млн сомго 1527 насыя берилсе, мал чарбасына 2312,9 млн сом насыя, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 520,9 млн сом насыяланган. Жалпы дыйкандарга 3419,3 млн сом насыя берилген.