"Эркин-Тоо"

Дыйкандарга миңден ашык техника лизингге берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 4,1 млрд сомго  жеңилдетилген шарттарда 1082 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 2024-жылдын аягына чейин лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 млрд сомго 1200 ашык техника берүү пландалууда.

Жалпысынан дыйкан-фермерлерге 17,7 млрд сомго 6998 даана техника берилген.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылууда.

Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлгөн.

Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6% пайызы менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!