"Эркин-Тоо"

Жиу-житсу боюнча Республикалык чемпионат болуп өттү

Бишкек шаарында жиу-житсу боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Мелдешке 7 дубандан келген 490 спортчу катышты.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Маалымат үчүн: Жиу-житсу – жапон күрөшүнүн эң байыркы түрлөрүнүн бири. Спорттун бул түрүндө жумшак кыймылдарды колдонуу менен атаандаштын күчүн өзүнө каршы колдонуу маанилүү болуп саналат.

Пример HTML-страницы