Бишкекте өткөн дем алыш күндөрү дзюдо боюнча Азия кубогунда улуттук курама команда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июнда “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча «Эр Жанек» ачык Азия Кубогунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Кыздар арасында 70, 78, +78 жана балдар арасында 81, 90, 100, +100 салмак даражаларында беттештер өттү.
Улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди. Анын 1 алтын 1 күмүш 3 коло.
Белгилей кетсек, мелдештин биринчи күнүндө эркектер арасында 60, 66 жана 73 кг салмак даражада, ал эми кыздар арасында 48, 52, 57 жана 63 кг салмактарында беттештер өткөн. Улуттук курама команда 4 алтын, 2 коло медалга ээ болгон. Эки күндүн жыйнтыгы менен Кыргызстан жалпы 11 медалга ээ болду.