Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, эл аралык даражадагы спорт чебери Эрлан Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде 12-орунга чыкты.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, жаңыртылган рейтинг Венгрияда өткөн Masters мелдешинин жыйынтыгы менен түзүлгөн. Аталган мелдеште Эрлан Шеров 5-орунду ээлеген.