"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Дүйнө чемпиондугуна кимдер катышат?

Үстүбүздөгү жылдын 13–21-сентябрь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт. Алар:

  • 55 кг чейин – Улан Муратбек уулу

  • 60 кг чейин – Акыл Сулайманов

  • 63 кг чейин – Жоламан Шаршенбеков

  • 67 кг чейин – Раззак Бейшекеев

  • 72 кг чейин – Амантур Исмаилов

  • 77 кг чейин – Ырыскелди Максатбек уулу

  • 82 кг чейин – Бекзат Орункул уулу

  • 87 кг чейин – Асан Жанышов

  • 97 кг чейин – Тур Жузулбеков

  • 130 кг чейин – Нурманбет Раймалы уулу

Эске салсак, эки жолку дүйнө чемпиону Акжол Махмудов бул турнирге даяр болбогондугуна байланыштуу катышпай тургандыгын айткан.