Президенттин Администрациясында «Эң мыкты айыл өкмөтү» мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Жеңүүчүлөрдү Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев куттуктап, бул сынак айылдардагы жаңы демилгелерди колдоого багытталганын белгиледи. Анын айтымында, айыл өкмөттөрүндөгү билим берүү, ишкердик, жол куруу жана социалдык шарттарды жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлөт.
«Шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга биргелешкен аракеттер менен жетебиз», – деди Минкаб төрагасы.
Сынак 12 млн сомдук байге фонду менен бийик тоолуу/чек арага жакын аймактар жана жалпы айыл өкмөттөрү болуп эки категорияда өткөрүлдү:
Бийик тоолуу жана чек ара аймактары боюнча жеңүүчүлөр:
• I орун – Баткен облусу, Суу-Башы айыл өкмөтү (3 млн сом)
• II орун – Ош облусу, Кашка-Суу айыл өкмөтү (2 млн сом)
• III орун – Жалал-Абад облусу, Каныш-Кыя айыл өкмөтү (1 млн сом)
Жалпы айыл өкмөттөрү боюнча жеңүүчүлөр:
• I орун – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл айыл өкмөтү (3 млн сом)
• II орун – Чүй облусу, Достук айыл өкмөтү (2 млн сом)
• III орун – Жалал-Абад облусу, Сайдыкум айыл өкмөтү (1 млн сом)
Баалоодо ичүүчү суу менен камсыздоо, жолдордун абалы, жашылдандыруу, коомдук тартип, ишкердикти колдоо, маданий жана спорт иш-чаралары, инвестиция тартуу жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынды.

