"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жарлык Кыргыз Республикасынын Президенти

«Е-Дипломат»мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул документтин максаты — тышкы миграция жаатындагы мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселелерине комплекстүү мамиле түзүү.

Жарлыкка ылайык:

  • Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси түзүлөт.

  • Мамлекеттик мекеменин эмгек акы чыгымдары Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынан каржыланат.

  • Министрлер Кабинети бир айдын ичинде:

    1. Жарлыкка ылайык чечимдерин тууралайт;

    2. Мамлекеттик мекеме жөнүндө жобо жана штаттык санын иштеп чыгып бекитет;

    3. Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 40 бирдикке көбөйтүү боюнча чара көрөт;

    4. Жарлыктан келип чыккан башка зарыл чараларды ишке ашырат.

Жарлыктын аткарылышын Президенттик Администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.