"Эркин-Тоо"

ЕАЭБ өлкөлөрүндө дары-дармекке дефицит болбойт.

Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Петербург жаштар экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, пандемия маалында биримдиктеги өлкөлөрдүн күчүн кыйчалышкан шартта бириктирип иштеген ЕАЭБдеги фармацевттердин тажрыйбасы аябай талап кылынууда.

«Дары каражаттарын каттоону жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Биримдикке мүчө мамлекеттердин баары аткарууга милдеттүү болгон препараттардын жалпы реестри түзүлдү, документтер иштелип чыкты», — деди министр.

Назаренко пандемия учурунда логистикалык чынжырчанын үзүлүшү, андан соң антироссиялык санкциялардын киргизилиши көптөгөн көйгөйлөрдү ачыктаганын белгиледи. Андыктан бүгүнкү күндө импортту алмаштыруу маселеси артыкчылыктуу багыт болуп жатканына токтолду.

«Азыркы тапта Евразия биримдигиндеги өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрүнө дары-дармек препараттарын чыгаруу боюнча аянтча түзүүгө кызыгуу күчөп жатат. Бүгүнкү күндө кайсы бир деңгээлде импортко үмүт артса болот, бирок өзүңдө өндүрүп, окумуштуулардын илимий ойлоп табууларына ээ болуу өтө маанилүү», — деди ал.

Ошондой эле министр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импортко көз карандылыгынын азайышы фармакология рыногу активдүү өнүгүп жатканына байланыштуу экенин белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!