"Эркин-Тоо"

ЕАЭБ – туруктуулуктун символу, кызматташтыктын үлгүсү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусь Республикасынын Минск шаарына барып, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Белагро-2024» адистештирилген эл аралык көргөзмөсүнүн аянтчасында өткөрүлүп жаткан «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясында сүйлөгөндөн кийин ЕАЭБге катышуучу-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте «Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды. «Улуу таш» индустриалдык паркындагы көргөзмөгө 10дон ашуун өлкөдөн 500дөн ашуун компания катышты. Көргөзмөдө Кыргызстандын 20га жакын компаниясынын  агропродукциясы коюлуп, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүүнүн алдыңкы багыттары, продукцияны кайра иштетүүнүн, таңгактоонун жана сактоонун заманбап технологиялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын ар түрдүүлүгү менен таанышышты.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны Беларусь Республикасынын Несвиж шаарында өттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларын бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө багытталган Келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктап, Евразиялык экономикалык биримдик прогрессивдүү, ишенимдүү өнүгүү жолунда бара жатканын айтты.

Чындыгында эле муну бирикменин бардык деңгээлдеринде жүргүзүлүп жаткан кызуу иш далилдеп турат. Атай айтсак, 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бардык өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшү жакшы динамикага ээ болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Биримдик боюнча орточо өсүш 105,6%ды түздү.  Отчеттук мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча өсүү темпи 109,5%ды, чекене товар жүгүртүү 110,3%ды түздү. Көптөгөн башка тармактарда да оң динамика сакталууда.  Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүү темпи 107,4%ды түзүп, инфляциялык процесстер басаңдады – керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын декабрына карата 101,4%ды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га өстү.

Биргелешкен аракеттин аркасында маанилүү долбоорлор ишке ашты

Белгилей кетсек, 29-майда Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл болду. Бул аралыкта Евразия экономикалык биримдиги экономикалык туруктуулукту сактап, аймакта азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылган бирикме боло алды. Ошого катар жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүп, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн сактоо менен сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторун ачып берди.

Бул мааракелик датага байланыштуу Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, Бирликтин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн Келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктап: “Бул 10 жылдын ичинде Евразия экономикалык бирлиги ага катышуучу өлкөлөр үчүн гана эмес, дүйнөдөгү башка өнөктөштөр үчүн да туруктуулуктун символу, өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды. Биз биргелешип кыйынчылыктарды жеңүүгө, татаал экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылдык, жыйынтыгында Бирлик дүйнөдөгү интеграциялык бирикмелердин түзүмүндө өзүнүн татыктуу ордун тапканын көрүп жатабыз. Биргелешкен аракетибиздин аркасында биз маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгып, ишке ашыра алдык” деп айткан.

Бул жерде сыймыктануу менен айта кетсек болот, Евразия экономикалык биримдигинин күнүн белгилөө жөнүндө демилгени 2022-жылы биздин Президентибиз Садыр Жапаров сунуштаган. Демилге евразиялык «бешилтиктин» башка төрт өлкөсүнүн – Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын башчылары тарабынан бир добуштан колдоого алынып, салтанаттуу түрдө белгиленип келе жатат.

Барына маалым болгондой, Биримдик өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы карым-катышты бекемдөө жана ортодогу кызматташтыкты тереңдетүү жаатында оң натыйжаларды алып келди. Туура он жыл аралыгында Евразия экономикалык биримдиги Евразия мамлекеттеринин кызматташтыгынын негизги аянтчасына айлана алды. Ошого катар экономика дүркүрөп өскөнүн көрсөттү. Статистикалык маалыматтар тандырбайт, артка кылчайып өткөн жылды карасак, Биримдиктин экономикасы ишенимдүү өскөнүн тастыктады. 10 жыл ичинде ички дүң продукциянын жыйымы 1,6 триллиондон 2,4 триллион долларга өстү. Атай айтсак, Кыргызстанда 109 пайызга, Арменияда 128 пайызга, Беларуста 30 пайызга, Казакстанда 42 пайызга, Россияда 49 пайызга жогорулаган.

Мындан сырткары, ЕАЭБ түптөлгөн мезгилден бери ага мүчө өлкөлөрдүн соодасы дээрлик эки эсе көбөйгөн. Сандар менен алсак, 2023-жылы 87,5 миллиард долларга жеткен. Үчүнчү өлкөлөр менен 60 пайызга арбып, көрсөткүч 923 долларды чапчыды. Мунун алкагында Биримдиктеги өлкөдө ири жылыш болуп, ар бири өнүгүүгө кадам таштай алды. Бизге дагы жемиштүү жыйынтыгын берүүдө. Маселен, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын ИДПсы 6,2%га өсүп, тарыхый чектен өтүп, дээрлик 1,3 триллион сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 8,8%ды түздү. Биримдикке катышкан жылдар ичинде мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүү 76%га өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга чейин жетти. ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспортубуз 3 эсеге көтөрүлүп, 410 млн доллардан 1,23 млрд долларга чейин өстү.

Кыргызстан – ЕАЭБде бюджети профицит менен чыккан жалгыз өлкө

Жакшылыкты ар дайым айта жүрүшүбүз керек, Кыргызстан – ЕАЭБде бюджети профицит менен чыккан жалгыз өлкө боло алды. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин профицити 5,8 миллиард сомду түздү. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды. Профицит маселесинде өлкөлөр боюнча маалыматтарды атай кетсек, Армения – биринчи кварталда бюджеттин кирешелери 525 миллиард, чыгашалар 525,9 миллиард болуп, тартыштык 0,9 миллиард драмды түздү. Казакстан — кирешеси 4 триллион 300,1 миллиард, чыгашасы 5 триллион 331,8 миллиард теңгеге бааланып, дефицит триллион теңгеден ашты. Россия – биринчи кварталда кирешеси 8 триллион 721,6 миллиард, чыгашасы 9 триллион 17 миллиард рубль болуп, тартыштык 295,3 миллиард рублди түздү. Ал эми Кыргызстан жогоруда белгилеп кеткендей, кирешелер 80,1 миллиардды, чыгашалар 74,3 миллиардды түзүп, профицит 5,8 миллиард сом болду.

Атай айтсак, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелери толугу менен аткарды. Биримдиктин бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бардык 14 өткөрүү пункттарын иретке келтирилип, материалдык-техникалык жактан жабдылды. Кытай Эл Республикасы менен жаңы өткөрүү пункттарын ачуу жана иштеп жаткан өткөрүү пункттарынын кубаттуулугун кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) эл аралык укук субъекттүүлүгүнө ээ болгон региондук экономикалык интеграциянын эл аралык уюму болуп саналат. ЕАЭБдин негизги максаттары катары — калктын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу кызыкчылыгында мүчө мамлекеттердин экономикасын стабилдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүгө умтулуу жана ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана глобалдуу экономика шартында улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. ЕАЭБдин ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши, Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин соту иш алып барат. Азыркы учурда ЕАЭБге беш өлкө — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Куба менен Өзбекстан байкоочу өлкө болуп эсептелет.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№43 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 7-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!