2026-жылдан баштап ЕАЭБге катталган дары-дармектер гана сатыкка чыгат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, концепция 15-августта Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бекитилген.
Ага ылайык, 2026-жылдан тарта дары-дармектер ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталып, биримдик тарабынан берилген күбөлүк менен гана сатылышы зарыл. Ага чейин улуттук каттоо күбөлүктөрү жарактуу бойдон калат.
Комиссия билдиргендей, документ улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү институттарын түзүүгө багытталган.

