"Эркин-Тоо"

Эдил Байсалов Бишкекте уюштурулган жылынуу түйүндөрүнүн иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын жарандары жана коноктору үчүн уюштурулган убактылуу жылынуу түйүндөрүнүн иши менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, убактылуу пункттарда жарандарга ысык чай берилип, жылынууга шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жылынуу түйүндөрүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурган. Ал үчүн чатырлар тигилип, ар бир пунктта ӨКМ кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!