"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Эдил Байсалов кинорежиссёр Актан Арым Кубатты кабыл алды

МинКабдын Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатты кабыл алды.

Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Эдил Байсалов Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» тасмасынын Шанхай эл аралык кинофестивалында башкы сыйлыкты жеңип алышы менен куттуктады. Аны менен катар кинематография тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул жеңиш жалпы өлкө үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн: «Кыргызфильм» киностудиясында жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылган «Кара Кызыл Сары» тасмасы 27-Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты толук метраждуу тасма” номинациясында башкы сыйлыкка — “Алтын Гоблетке” (Golden Goblet Award) ээ болду. Тасма Баткен облусунун келечекке үмүт арткан келининин тагдырын поэтикалык жана терең формада баяндайт. Анда сүйүү, жоопкерчилик, миграция жана чек арадагы жашоо сыяктуу маанилүү темалар козголот.

Кыргыз тасмасы Шанхайда «Эң мыкты тасма» наамын жеңип алды