"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эдил Байсалов Санкт-Петербургдун губернатору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусиянын Санкт-Петербург шаарына  болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Эдил Байсалов 2023-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында ийгиликтүү өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кезектеги 12-жыйынынын ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Александр Беглов акыркы жылдары, өзгөчө Кыргыз Республикасынын экономикасынын олуттуу өсүшүнө байланыштуу өз ара мамилелер чыңдалып жатканын белгилеп, тараптардын кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.