Элибизде “Аракет кылсаң — берекет” деп бекеринен айткан эмес. Эмгектенген адамдын мээнети сөзсүз жемишин берип, максатына жетээрин турмуш өзү далилдеп келет. Азыркы учурда Кыргызстанда курулуш тармагы абдан ыкчам өнүгүп, шаарларды жана аймактарды көрктөндүрүп жаткан алдыңкы компаниялардын саны арбыды.
Ушул чөйрөдө өз ордун татыктуу тапкан ишканалардын бири – “НАК‑Строй” курулуш компаниясы. Анын башкы директору Эдилбек Усупбаев эгемендүүлүк жылдары менен кошо өсүп-өнүгүп, кесиптик чеберчилигин арттырып, бүгүнкү күндө атаандаштыкка туруштук бере алган ишенимдүү компанияны түптөй алды.
“НАК-Строй” ишканасы өлкөдөгү ири салык төлөөчү компаниялардын катарына кирип, мамлекеттин казынасына олуттуу салым кошууда. Ошол эле учурда көптөгөн курулуш долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, элге керектүү шарттарды түзүп берүүдө. Бүгүнкү маегибизде Эдилбек Усупбаевдин ишкердикке болгон көз карашы, башынан өткөргөн сыноолору жана ийгиликтүү жолунун сырлары жөнүндө сөз кылабыз.
— Эдилбек мырза, ишканаңызды кантип түптөп калдыңыз эле? Менимче, бул суроо баарыбызга эле кызык болсо керек.
— Чынында, баары жөнөкөй башталган. Курулуш тармагында катардагы жөнөкөй жумушчу болуп иштеп, кандай жумуш болсо да тандабай, ар бир жумушумду ак ниеттүүлүк менен аткарып берүүгө аракетим күч эле. Ошол себептүү, көпчүлүк жумуш берүүчүлөр “Чакан ишканаңыз болсо, бизге юридикалык жак менен иштешүү ыңгайлуу” деген сунуштарын айта башташты. Албетте, дароо эле ишкана ача калууга дааган жокмун. Анын түмөн-түйшүгүн ойлоп, убакыттын талабы менен 2011-жылы “НАК-Строй” аттуу чакан ишканабызды каттоодон өткөрүп, ишибизди баштап калдык. Негизи биздин мамлекетте компания ачууда өзгөчө татаал процедуралар деле жок. Каалаган адам нотариуска барып арыз жазып, ишканасын каттоодон өткөрө алат. Ошондо болгону өздүгүмдү тастыктаган паспортум менен эле барып, ишканамды каттоодон өткөргөм. Кызыгы, ошол убакта каттоо үчүн 300 сомдой төлөсөм керек.
— Ошол убакта ишканаңызды иштетип кетүү үчүн кандайдыр бир капиталыңыз болгонбу?
— Ишкана иштетүүгө капиталым деле болгон эмес. Колумда болгон байлыгым — курулуш тармагында иштеп тапкан тажрыйбам. 15 жашымда борбор шаарыбызга келип, политехникалык техникумда билим алдым. 1990-жылдары өлкөбүздө кайра куруу заманы жүрүп, кыйынчылык каптап турган учур эмес беле. Шаарга келгенде жатаканада жашап, өз жаныбызды өзүбүз багып, жашоонун күнгөй-тескейин көрдүк.
Ал убакта мамлекетибизде жумушсуздук күч эле. Окууну бүтүп, иштейли десек ылайыктуу деле жумуш жок. Атамдын карындашы Жыпар эжем курулушта иштечү. Ага кошулуп алып курулуштун баарын үйрөндүм.
— Жеке жактарда иштеп жүрүп, кийин бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерди кура баштаптырсыз. Биринчи жолу ишке ашырган чоң долбооруңуз тууралуу айтып өтсөңүз?
— Албетте, башында эле бизге чоң долбоорлор даяр турган жок. Үч жылдай майда-барат жумуштар менен иштеп, 2014-жылы биринчи жолу мамлекеттик социалдык объект боюнча 44 миң сомго буйрутма алдык. Бул жумушубуз мектептин ичин оңдоп-түзөө жумуштары болду. Ошол учурда биздин ишкана менен буйрутма берген мекеменин ортосунда түзүлгөн келишимди колума алганда кандай толкунданганымды, канчалык кубанганымды сөз менен айтып жеткириш кыйын. Өзүмдүн компаниям аркылуу биринчи жолу ишкананын эсеби менен акча алуу бул өзүнчө сыймык эле. Эң башкысы, биз ошол мектептин оңдоп-түзөө жумуштарын жоопкерчилик менен аткарып бердик. Натыйжада, андан соң башка социалдык объектилерди да куруп, бүгүнкү күндө бир топ долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырдык.
— Ишканада канча адам иштечү эле?
— Саналуу эле адам иштечүбүз.Тапкан каражатым үнөмдүү болсун деп жумуштун көбүн өзүм жасап жүрдүм. Курулуш тармагына тиешелүү жумуштардын дээрлик баарын өз башыман өткөргөндүктөн, бүгүнкү күндө кол алдымдагы ар бир жумушчунун эмгегин терең түшүнөм. Ошол себептүү мен жумуштун көлөмүнө эмес, анын сапаттуу болушун ар дайым биринчи орунга коём.
Башында бухгалтер жалдаганга деле каражатым жетпей, төрт жылдай ишканамдын эсеп-чотун өзүм жүргүзүп турдум. Анан убактылуу келип-кеткен кызматкерлер менен иштешип, кийин бара-бара туруктуу адистерди тартып, акырындык менен командабызды түздүк.
Бүгүнкү күндө компаниябызда 19 адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Курулуш объектиси башталганда жумушчу күчүнө болгон муктаждык кескин көбөйөт. Мисалы, ири долбоор менен иштеп баштаганда бир жыл ичинде 200дөн 500гө чейинки жумушчулар менен иштешебиз. Албетте, ар бир долбоордо сөзсүз түрдө кесипкөй адистерди тартууга аракет кылабыз. Анткени, курулушта коопсуздук, сапат жана жоопкерчилик биринчи орунда турат.
— Иш жүргүзгөнүңүздөргө 15 жылдай болуп калыптыр. Бул убакта кандай долбоорлорду ишке ашыра алдыңыздар?
— Биздин ишкананын эң чоң сыймыгы – мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуп, социалдык багыттагы курулуштарды жүргүзүп, кичинекей бөбөктөргө, мектеп окуучуларына, дарыгерлерге кубаныч тартуулоодобуз. Алсак, Бишкек шаарында 225 орундуу №16 мектепти курдук. Ошондой эле борбор шаарыбызда 1500 чарчы метр аянтты камтыган төрт кабаттуу №12 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулуш процессин баштан аяк жүргүздүк. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылына 100 орундуу заманбап бала бакча салдык. Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Президентибиз
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 100 объектти ачуу долбоору боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруп, элдин пайдалануусуна бердик. Андан сырткары, Талас шаарында Германия мамлекетинин грантынын негизинде каржыланып, салынып жаткан Перинаталдык оорукананын курулушун жүргүзүп жатабыз. Учурда курулуштун 25%ы бүтүп калды.
— Мектеп, бала бакча, оорукана салууда курулуш компаниялары тарабынан мүчүлүштүктөр жаралып, кайра башынан курууну талап кылган жагдайлар жок эмес…
— Бул жерде эң биринчи кезекте жоопкерчилик маселеси турат. Жоопкерчилиги бар адам алган ишин кандай кыйынчылыктар болбосун аягына чейин бүтүрөт. Ошондуктан мен командама “Кандай долбоор албайлы ар бир ишти жоопкерчилик менен жасагыла” деп айтып келем. Ар бир жумушту чыдап иштеп, убагында өткөрүп берүү — бул биздин негизги милдетибиз. Биздин компаниянын баалуулугу — кардарларыбызга чынчыл жана адилеттүү мамиле кылууну карманабыз.
Азыркы учурда курулуш тармагындагы чоң көйгөйлөрдүн бири квалификациялуу адистердин жетишсиздиги болууда. Мыкты деген адистердин көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Бүгүнкү күндө курулуш тармагында чет жактан келип иштеген жарандар басымдуу болуп, алар каражат табуу максатында гана келгендер болууда. Эч нерсе билбей эле келишип, бул жактан иш жүзүндө тажрыйба алышууда. Ошондуктан мен чет жерде жүргөн курулушчуларга мекенибизге кайтып келип иштегиле, бизге тажрыйбалуу адистер абдан керек. Ошо чет жактан таап жаткан каражатты өз жерибизден деле иштеп тапса болот дегим келет. Курулушта ар ким өз жөндөмүнө жараша да каражат таба алат. Мисалы, бизге кафель койгон жигит келип 3 ай ичинде 600 миң сом каражатты жеке өзү иштеп таап кетти. Эми мындай мисалдарды айта берсек арбын.
— Мамлекет тарабынан каржыланган социалдык долбоорлор тендер аркылуу жүргүзүлүп, тендердин ишине канааттанбаган тараптар да жок эмес. Бул боюнча сиздерди канааттандырбаган жагдайлар барбы?
— Чынын айтсам, биздин курулуш компаниябыз иш жүргүзүп келе жаткан жылдар ичи олуттуу тоскоолдуктар деле жаралган жок. Биз үчүн тендер Кыргызстандын кайсы аймагында болбосун катыша беребиз. Эгер жасаган ишиң жер карай тургандай абалда эмес, ишти таза, сапаттуу жасай турган болсоң, эч ким тоскоолдук кыла албайт.
Албетте, социалдык имараттарды куруу боюнча тендерге катышууда тажрыйба чоң роль ойнойт. Мисалы, эгер сен буга чейин 50 млн сомдук долбоорду ишке ашырсаң, кийин комиссия сага 70-80 млн сомдук жумушту ишенип бериши мүмкүн. Бул туура эле система. Анткени, чоң суммадагы долбоорду ишенимдүү колго тапшыруу үчүн тажрыйба шарт.
— Демек, бул жылдар ичинде сиздер ишенимдүү өнөктөштөрдү жарата алыпсыздар да…
— Ооба, ишенимдүү өнөктөш — бул тармакта ийгиликке жетүүнүн башкы шарты. Ушунча жылдан бери курулуш тармагында иштеп жатып кимдин кандай иштээрин жакшы билебиз. Ар бир долбоорду баштаар алдында өнөктөштөрүбүз менен 5-6 ай мурун сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыркы учурда курулуш тармагында кесипкөй жумушчулардын саны абдан тартыш болуп жаткандыктан жоопкерчиликти сезе билүү абдан кажет.
— Эдил мырза, сиз жөнөкөй жумушчудан баштап жетекчиликке чейинки жолду басып өтүптүрсүз. Компанияны туруктуу кармап, бир нукка салуу оңой эмес. Бул жолдо сиз кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
— Ооба, оңой болгон жок. Ишкананы ачып коюу менен эле иш өзүнөн-өзү жүрүшүп кетпейт экен. Башында кызматкерлер менен тил табышуу, алардын ишке болгон мамилесин туура жолго салуу абдан кыйын болду. Кээде жумушка келип, айрым кызматкерлеримдин көңүл кош мамилесин көрүп, кейиген учурларым да болду. Бирок ошол эле маалда жакшы иштеген компанияларды көрүп, “Мен да ушундай деңгээлге жетишим керек” деп өзүмдү шыктандырып жүрдүм.
Ошентип жүрүп мен Швейцариялык BPN программасы жөнүндө уктум. Бул ишкерлерди колдогон атайын программа экен. Өзүмдү жетекчи катары өнүктүрүү максатында алардын окууларына, семинарларына катыша баштадым. Ал жактан алган билимим мени чыныгы жетекчи болууга шыктандырып, чоң тажрыйба берди. Кийин кызматкерлеримди да ошол жакка жөнөттүм. Алар да жаңы билимге ээ болуп, жоопкерчилик менен иштөөгө мотивация алышты. Чынын айтсам, BPN программасынын жардамы менен ишканабыздын өндүрүмдүүлүгү кыйла өстү.
Бул программада алар ар бир адамдын оюн угуп, идеясына мүмкүнчүлүк берет экен. Мисалы, ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүү маданиятын, башкаруу ыкмаларын, кардар менен кантип иштеш керек, команданы кантип башкаруу зарыл, финансылык пландоону кантип туура жүргүзүү керектигин үйрөтөт.
— Сиздердин компанияны интернет желесинен германиялык өнөктөштөр издеп таап, сиздерге окутуу борборун салдырган экен. Бул кандай болду эле?
— Ооба, бул окуя кызык эле болгон. Смета түзүп иштеген кызматкеримдин немис тилин билээринен кабарыбыз бар эле. Бизге Германиядан экологиялык уюмдан күтүүсүздөн телефон чалуу келип, алар менен сүйлөшүп, интернет желесинен эле ишканабыздын жасап жүргөн иштерин жактырып, биз менен иштешүүнү каалап жаткандыктарын билдиришти.
Алар спутниктен изилдөө жүргүзүшүп, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылы жактагы токойдун кыйылышына байкоо жүргүзүшүптүр. Бул экологиялык уюм ал жактагы үйлөрдүн жылытуу системасына кабатыр болушуп, жылуулуктун баары эле үйдүн чатыры, терезе-эшиктери аркылуу чыгып кетип жатканын байкашып, ошол айылга көрсөтмө курал катары күндүн нуру менен жылытыла турган, жылуулукту үнөмдөй турган үйдү салдырышты. Алардын изилдөөлөрү боюнча бак-дарактын кыйылышы дарыянын нугунун агышына жана жан-жаныбарлардын байырлоосуна да терс таасирин тийгизет дешти. Себеби, Ак-Тал айылы Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан.
— Сиздер курулуш тармагында долбоордун негизинде гана иш жүргүзөсүздөрбү же өзгөртүү киргизе аласыздарбы?
— Албетте, мүмкүнчүлүк бар. Бардык өзгөртүүлөр мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Эгер биз сунуш кылган долбоор оптималдуу деп эсептелсе, долбоорду карап чыгып, макулдугун беришет. Бардык иш-аракеттер долбоорчу менен буйрутма берүүчү тарап жана аткаруучулардын ортосундагы тыгыз макулдашуу менен жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө “НАК-Строй” курулуш компаниясы тарабынан курулган ар бир курулуш объектиси компаниябыздын тарыхындагы өзгөчө барак. Себеби, ар бир курулган мектеп, бала бакча же ар бир салынган оорукананын артында миңдеген адамдардын тагдыры, балдардын келечеги, элдин ден соолугу турат. Бул долбоорлор биздин компания үчүн негизги демилге болуп саналат. Биз ар дайым ишке даярбыз.
Кенже Осмоналиева