"Эркин-Тоо"

ЭГЕМЕН ӨЛКӨБҮЗ ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТ АЛДЫ

31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы бийик деңгээлде белгиленди. Өлкөнүн аймагындагы аткарылган иштер, жаңы салынган имараттар, ишканалар жана социалдык объектилер быйылкы жылдагы майрамдын маанисин арттырып, өзгөчө көрк берди. Эң негизги майрамдык салтанат Ала-Тоо аянтында өтүп, анда сахналаштырылган оюн зоок менен бирге жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулашты.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында 100 объект ишке кирди. Тактап айтсак, Президент Садыр Жапаров Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышында старт берип, андан тышкары өлкөдөгү жаңы курулган 40 өндүрүш ишкананы жана 60 социалдык объектини онлайн ачты. Социалдык жайлар: мектептер, бала бакчалар, маданий мекемелер, спорттук комплекстер, ал эми өндүрүш ишканалары: кичи ГЭСтер, заводдор, фабрикалар болду. Алардын ар бири жеринде кызыл тасмаларын даярдап, онлайн байланышта турду. Өлкө жетекчиси атайын баскычты баскандан кийин, баарына старт берилди. Мамлекет башчысы 100 объектини ишке берип жатканда көптөгөн жылдар бою ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлор башталганын айтып, жаңы ишканалардын ачылышы экономикалык саясаттын жыйынтыгы экенин белгиледи.

“Бүгүн биз жөн гана жаңы завод-фабрикаларды ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышын да белгилеп жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошот. Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашуусуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдире кетейин. Бүгүнкү биз ачып жаткан 100 объект ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишенем”, — деди Садыр Жапаров. Жаңы ачылган ишканалардын айрымдарын атап кетсек, Чүйдөгү “Терек-Таш” клинкер чыгаруучу жана цемент чыгаруучу заводдон сырткары Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, АтБашыда “Кара-Булак” соодалогистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводунун бир бөлүгү, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабрика бар. Министрлер Кабинети Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл республика боюнча 100дөн ашык социалдык объект жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачыларын маалымдаган. Жыл башынан бери бир топ объектилер катары менен ачылып келип, 31-августта жалпы 100дөн ашып түштү. Жыл соңуна чейин дагы бир катар социалдык объектилердин жана өнөр жай ишканаларынын ачылары белгиленүүдө.

Жогорку кеңештин депутаты Улукбек ОРМОНОВ:

— Убагында Кыргызстанда жүздөгөн заводдор болгон. Тилекке каршы, эгемендик алган соң алардын көбү менчиктештирилип, базарларга айланып кеткен. Өндүрүштө иштеген миңдеген жарандар соодага чыгып кетишти. Эми кайра жаралуу процесси же өндүрүштүн көбөйө баштаганы кубандырууда. Жеңил машиналарды өндүрүүчү завод ачылды, электромобилдерди чыгаруучу завод эми ачылганы жатат. Оор жүк ташуучу транспортторду чогулта турган да ишкана ачылууда. Жалпы жонунан ишкерлерге жеңилдиктер берилип жатат, текшерүүлөр токтогону жана башкаларды айтсак болот.

Ош шаарынын мурдагы мэри МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ:

— Эгемендүүлүк жылдарда мамлекетибиз оор, кыйын күндөрдү башынан өткөрдү. Керек болсо мамлекеттүүлүгүбүз жоголуу коркунучуна тушуккан мезгилдер болду. Ошол күндөрдүн баары артта калды десек болот. Акыркы 3-4 жылдын ичинде болуп жаткан терең реформалар өлкөнү жакшы жакка буруп, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү багытын таба алды. Буга “Ынтымак Ордонун” ачылышында күбө болдук, толкунданбаган адам калбады. Ошончолук керемет, ошончолук сонун, ошончолук заманбап курулуптур. Мен жаңы Ордолуу болушу менен жалпы кыргыз журтчулугун куттуктайм.

      КЫЛЫЧБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!