"Эркин-Тоо"

Эгемендүүлүк күнүндө өлкөдө 11 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августтан 1-сентябрга чейин КР Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «Жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөйт.

Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!