Ошентип, “той болот, тойдун эртеси да болот” – деген акылман элибиздин баалуулугу бүгүн актуалдуу болуп, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан парламенттик жарыш жыйынтыкталды. Бул жолку аламан жарыштын жүрүшү кандай өзгөчөлүктөр менен жыйынтыкталды? Элибиз шайлоонун өтүшү менен анын жыйынтыгына нааразы эмеспи? Мандат бактысына ээ болчу талапкерлер ийгиликке эмнеден улам жетишишти? Дегеле соңку шайлоо эгемен өлкөбүздүн тарыхында кайсы өзгөчөлүгү менен калмай болду? Биз бул сапар дал ушундай соболдорубузга жооп издедик.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков: “Биздикиндей шайлоо коңшу мамлекеттерде да болгон эмес”
— Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында Кыргызстандагы бийлик алмашуулардын бардыгы дал ушул Жогорку Кеңешке болгон адилетсиз шайлоолордун айынан келип чыккан. Бул жолку Жогорку Кеңешке кезексиз өткөрүлгөн шайлоо таза, ачык-айкын өткөрүлдү десек болот. Алтургай чет өлкөлөрдө, ошол эле Орусиядан дагы көптөгөн мекендештерибиз шайлоо жараянына кайдыгер карашпай, катышканынан кабардар болдум. Элибиз бул сапар чоң мүмкүнчүлүк алып, кимди каалашса ошону шайлашты. Албетте, кыргыздын канына сиңген жердешчилик, тууганчылык өңдүү факторлор азыр деле бар экенин көрдүк. Аламан жарышка катышкан ар бир талапкер өтсө да, өтпөсө да мамлекеттин казынасына 300 миң сомдон төлөп беришкени туура болду. Буга чейин шайлоо жараянына коротулган чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнүп келсе, бул сапар талапкерлердин өз эсебинен төлөнүшү бул шайлоодогу эң негизги өзгөчөлүк болду деп эсептейм. Эң негизгиси шайлоо тынч маанайда, майда-барат мыйзамсыз көрүнүштөрдү эсепке албаганда жалпы-жонунан мыйзам чегинде өттү. Мурдагыдай чыр-чатактар менен коштолгон жок. Кимдир бирөө мажбурлап, тигил же бул талапкерди шайлаткан жок. Анан калса бул шайлоодо автоматташтырылган техникалык мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мындай көрүнүш жеке эле Кыргызстандын тарыхында эмес, коңшу мамлекеттердин тарыхында да болгон эмес. Дагы кошумча, жалаң гана татыктуулар өттү дегенден алысмын. Тажрыйбалуу саясатчылар менен күчтүү юристтердин курамы аз болуп калды. Дагы айтам, бул жарышта күчкө салмай, мажбурлоо деген жаман адат болгон жок. Мунун өзү чоң жетишкендик деп эсептейм.
Жарандык активист Тимур Саралаев: “Шайлоонун жыйынтыгына ынаныш керек”
— Бул сапар бийлик шайлоону таза, калыс уюштуруп берди. Эгемен өлкөбүздүн буга чейинки эски режимдериндеги Акаев “Алга Кыргызстанды”, Бакиев “Ак Жолду”, Атамбаев КСДПны, Жээнбеков “Биримдикти”, “Мекеним Кыргызстанды” сүрөгөндөй жорук кайталанган жок. Тескерисинче бийлик тарабынан “мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашып, кимдир бирөө үчүн чуркабагыла” деген орчундуу талап коюлду жана ал катуу көзөмөлдөндү. Ал эми округдардагы эл кимди шайлап алды? Бул жагы шайлоочулардын өз тандоосу болду. Менин байкаганым, шайлоодон кийин бир дагы талапкер “бийлик шайлоону туура эмес өткөрдү” деп айтып чыкпады, демек, дооматтар дагы жок. Анан калса бул жолку шайлоонун жыйынтыгында стандарттуу эмес жүрүштөр болду. Маселен, токтогулдук Эрулан Кокулов Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барып, шайлоодон утуп алды. Аксылык кадимки Медер Алиев Сокулуктан келип, атаандаштарын тап-таза утуп алды. Бул – элдин трайбалисттик түшүнүктөрдөн алыстап баратканынын белгиси. Ошол эле Ошто олигарх Нурбек Алимбеков мурда саясатта таанымал эмес, министрдин орун басары болуп жүргөн талапкерге “кызылдай эле” утулуп калды. Бул жарыштагы дагы бир өзгөчөлүк, Сеид
Атамбаев дагы мандат алды. Мурунку заманда, тагыраагы, Атамбаевдин мезгили болгондо
Жапаровдун, Ташиевдин же бир оппозиционердин баласы мандат алмак түгүл, жашоосуна тынчтык беришмек эмес. Бул жолку шайлоодо мурдатан системдүү иштеп келген саясатчылар жана жаңы ыкманы колдонгон, ар бир шайлоочуга чейин жетип сүйлөшкөн жаштар утуп келди.
Милициянын отставкадагы полковниги Алмаз Мурсаев: “Баарыбыз үчүн кызыктуу жарыш болду…”
— Туура, ар бир иштин эртеси бар дегендей, бул шайлоо чынында баарыбыз үчүн кызыктуу аламан жарыш болду. Себеби, өткөн чакырылыштын дээрлик 85-90% депутаты бул шайлоо өнөктүгүнө өзүлөрүнүн талапкерлигин кайрадан эле коюшту. Кызыгы, анда эмнеге өздөрүн таркатуу процессине барышты? Болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы менимче 50-60% чоң жарышка чейин эле чечилгендей таасир калтырды. Аныгында шайлоонун жыйынтыгына элдин деле иши жок сыяктуу сезилди. Бул жолку өнөктүккө шайлоого катышууга укуктуу калктын 30-35%ы гана келгенсиди. Жалпысынан алганда калктын көпчүлүгү шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирбейт. Ал эми айрым талапкерлердин кандай ийгилик менен мандатка жетишкенин көрдүк. Баягы эле жердешчилик, тууганчылык, өң-тааныштык, акча, байлык жагынан шайлоого көмөк, жардам болгону көрүнүп эле калды. Албетте, баары деп бир беткей айтыштан алысмын. Бирок, андай көрүнүштөр болгонун кайда катабыз? Бул шайлоодогу гендерлик саясат боюнча 2+1 модулу көп суроо жаратчудай. Маселен, кээ бир шайлоо округунан 3-8% менен өтүп кеткен айымдар болду. Ошол эле убакта кээ бир шайлоо округдарында 10-15%дан жогору добуш, элдин ишеничин алган талапкерлер парламентке өтө албай калышты. Ал эми бул шайлоо кандай өзгөчөлүк менен тарыхта калаарын келечек көрсөтөт.
Коомдук ишмер Кубат Болотканов: “Өз каттоосу боюнча добуш берчү жакшы шарт түзүлдү”
— Бул шайлоодо шайлоочу кайда жүрбөсүн өз каттоосу боюнча добуш бере ала турган шарт түзүлгөнү жакшы болду. Ал эми жакпаган жагы партиялык система менен эмес, азыркыдай 30 округ, эки эркек, бир аял деген тартип жаккан жок. Дүйнөдө партиялык системадан мыкты жолду эч бир өлкө сунуштай элек. Менимче, келечекте кайра эле партиялык системага кайтабыз деп ойлойм. Ал эми эки эркек, бир аял деген да болбогон жорук. Аялдар менен эркектер тең укуктуу деп эсептей турган болсок, анда азыркы нормалардан кайтышыбыз керек. Экинчиден, элибиздин добушун сатам деген каалоосу калбаптыр. Менимче, муун алмашпаса, бул нерсе калбайт окшойт. Айрымдары кармалып да жатты окшойт.
Калыгул Бейшекеев

