Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата белгилене турган майрамдык иш-чаралар учурунда жол коопсуздугу күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул иш-чарага даярдык көрүү максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов жана Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысы Мирлан Боенов катышты.
Жыйында облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу, өзгөчө майрам күндөрү коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды. Кызматкерлерге мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмалар жана нускамалар берилди.
ЖКККБдан белгилешкендей, майрам күндөрү көчөлөрдө патрулдук көзөмөл күчөтүлүп, калктын коопсуздугун камсыздоо негизги максат болот.

