Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Президент түркиялык ири инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурду.
Өз сөзүндө, Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү жана өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд $ чейин көбөйтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн билдирди. Ошону менен бирге соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 10-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү айтылды.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо багытында иштелип жаткан ири долбоорлордун бири болгон кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасынын расмий ачылышы тууралуу сөз болду.