Мамлекет башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон Душанбенин «Кохи Борбад» мамлекеттик комплексинде өткөн «Түбөлүк достук» концертине күбө болушту.
Аталган концерт Кыргызстан менен Тажикстандын Маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулуп, анда эки элдин маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыка, бий өнөрлөрү тартууланды.
Маданий иш-чарага эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттары жана аткаруучулары катышты.
Кыргызстан тараптан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Тугелов атындагы «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестр катышты.
Концерт Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.