"Эркин-Тоо"

Эки күндүн ичинде 44 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 25-26-ноябрь күндөрү «Рулда» рейди өткөрүлүп,, анын алкагында 44 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми алардын бардыгы соттун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Профилактикалык багытта «Рулда» рейди өлкө аймагында декабрдын аймагына чейин өткөрүлөт. Анын максаты — жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо болуп саналат.

Рейддин алкагында айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкаргандарга катуу чаралар көрүлүүдө.