"Эркин-Тоо"

Эки муниципалдык мекеме бириктирилди

Бишкек шаарында «Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек суу чарба» муниципалдык мекемелери бириктирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул мекемелер эми «Бишкек жашылдандыруу» деп аталат. Мекеменин директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды. Ал буга чейин «Бишкек суу чарба» муниципалдык мекемесин жетектеп келген.

Мэрия конкреттүү жыйынтыкка жетүү үчүн ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана муниципалдык мекемелердин түзүмү каралып жатканын кошумчалады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!