Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жумуштар «Бишкек-Темир» ЖЧКсы жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Учурда пайдубал даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу иштери аяктады. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет.
Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары пландалууда. Эске салсак, 13-августта аталган көпүрөдө КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сынып, унаа Нарын суусуна кулап кеткен. Окуядан кийин айдоочу А.А. аттуу эркек киши каза болгон.

