Караколдо эки облусту ун менен камсыздай турган комбинат ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Тегирмендин кубаттуулугу суткасына 60 тоннаны түзөт. Бул көлөм Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тургундарын биринчи, экинчи сорттогу ун менен толук камсыздоого жетет.