Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, №22 жана №24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилова шайлоого катышуудан баш тартты.
Маалыматка ылайык, талапкер Л.Акунова 26-ноябрда, ал эми Г.Халилова 27-ноябрда шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыздарын беришти.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, берилген арыздардын негизинде аталган талапкерлердин каттоолору жокко чыгарылды.

