"Эркин-Тоо"

Эки тараптуу диний кызматташуу уланат

КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Өзбекстандын министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитетинин жетекчиси Содик Тошбоев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов жана Өзбекстандын муфтийи Нуруддин Халыкназаров катышышты.

Эки тараптуу жолугушууда элдин ынтымагын бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы достук алакаларды чыңдоо жана тажрыйба алмашуу, буга чейинки кол коюлган меморандумдарды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

«Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын бекемдөөдө дал ушундай Борбор Азияга белгилүү болгон диний окуу жайлардан студенттерибиз билим алып, бул жаатта Муфтий менен сүйлөшүп, иш алып баруу кажет. Эң негизгиси калкыбызды ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда мыкты кадрларды даярдоо керек», -деп белгиледи КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров.

Ошондой эле, тараптар Дин Башкармалыктар ортосундагы алаканы бекемдөө, тажрыйба алмашуу менен салттуу ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка биргеликте жеткирүү экендигин талкуулашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!