"Эркин-Тоо"

ЭКИ УНИВЕРСИТЕТ ТАЖРЫЙБА АЛМАШАТ

Ош мамлекеттик университети менен Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өз ара кызматташуу тууралуу келишимди жаңылады. ОшМУнун басма сөз кызматынан кабарлашкандай И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУга болгон иш сапарынын алкагында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолукту. Жолугушууда эки окуу жайдын кызматташтыгы, “Ош декларациясын” жандандыруу боюнча пикир алышуулар болду. Андан сырткары, буга чейинки эки тараптуу кызматташуу келишими жаңыланды. Келишимге ылайык, мындан ары эки университетте билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий диссертациялык кеңештерге катышуу, илимий конференцияларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу багыттары ишке ашат. Айгүл Абдраева ОшМУнун “Маркетинг, коммуникация, коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндө болуп, “Үмүт” телестудиясы жана “Нур” гезити, расмий сайты жана санарип университет багытындагы аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!